Депутат: кардан улам кредитке алган акыркы малынан айрылган чабандар бар

© Фото / пресс-служба МЧС КРПадеж скота в двух селах Нарынской и Иссык-Кульской областей в результате заморозка
Падеж скота в двух селах Нарынской и Иссык-Кульской областей в результате заморозка - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Турсунбеков Өзгөчө кырдаалдар министрлиги божомолду алдын ала айтканда мынчалык кырсык болбойт эле деген пикирин билдирди.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков (КСДП) парламенттин жалпы жыйынында Нарын менен Ысык-Көлдө жааган кардын айынан малынан айрылгандарга өкмөт жардам бериши керектигин айтты.

Белгилей кетсек, 24-майга караган түнү Ысык-Көл менен Нарын облусунун тоолору менен жайыттарына калың кар түшүп, мал-жандык кырылган.

Депутат ошондой эле карапайым калк ондогон миллион сомдук чыгымдарды тартканын баса белгиледи.

"Калктын 75 пайызы жер же мал менен жан багат. Мына, жааган кардан улам акыркы коюнан айрылгандар бар экен. Айрымдары насыяга мал алыптыр", — деди ал.

Турсунбеков ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлиги божомолду алдын ала айтканда мынчалык кырсык болбойт эле деген пикирин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0