УКМК: Бишкектин түштүгүндө мыйзамсыз берилген жерге үйлөр түшө баштады

Жазылуу
Жер тилкелери базар баасынан арзан сатылып кеткендиктен шаардык бюджет жүз миллиондогон сомдорду жоготкон.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Бишкектин түштүк тарабында муниципалдык жер мыйзамсыз түрдө колдонууга берилип кеткен факты катталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Мэр Бишкека Албек Ибраимов - Sputnik Кыргызстан
УКМК козгогон кылмыш ишинде Албек Ибраимов фигурант болууда
Билдирмеге караганда, ал жерде "Кыргыз курулуш сервис" мамлекеттик ишканасына тиешелүү 187 гектар жер болгон.

УКМКнын коррупцияга каршы кызматы иликтеп көрүп, аталган аймактагы бир нече муниципалдык жер тилкеси юридикалык жана жеке тараптарга колдонууга берилип кеткенин аныктаган.

Атайын кызматтын билдиргенине караганда, коррупциялык схемага "Кыргыз курулуш сервис" ишканасынын жана шаар мэриясынын кызматкери аралашкан.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 303-беренеси ("Коррупция") боюнча кылмыш иши козголду.

"2017-жылдын сентябрь айында ЖЧКлардын биринин өкүлүнүн арызынын негизинде "Бишкек башкы архитектурасы" ал жерге курулуш түшүрүү чечимин чыгарып берген. Ошентип ал жерге Мамлекеттик экспертиза департаментинин бүтүмү жок эле көп кабаттуу элиталык үйлөр курула баштаган", — деп айтылат билдирүүдө.

УКМКнын маалыматында, шаардын түштүгүндө ушундай жол менен бир нече тилкелер берилген. Бирок кеп кайсы жер жөнүндө болуп жатканы так айтылган эмес.

"Жер тилкелер базар баасынан арзан сатылып кеткендиктен шаардык бюджет жүз миллиондогон каражатты жоготкон", — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0