Дарданов Нурлан Камалбекович. Өмүр баяны

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүПортфельчен адам. Архив
Портфельчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нурлан Дарданов 1975-жылы туулган. Билими жогору.

1996-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин "юрист" адистигин бүтүргөн. Юстициянын I класстагы кеңешчиси.

Эмгек жолу:

1993 — Талас райондук сотунда ага сот аткаруучу;

1996-1997 — Талас райондук прокуратурасында стажер-тергөөчү;

1997 – 2005 — Талас облустук прокуратурасында түрдүү кызматтарда эмгектенген;

2005 – 2006 — Талас облусунун прокурорунун орун басары;

2006 – 2010 — Талас облустук прокуратурасында кылмыштарды тергөөнү көзөмөлдөө бөлүмүнүн начальниги;

2010 – 2013 — Ысык-Көл облусундагы Тоң районунун прокурору;

2013 – 2016 — Жалал-Абад облусунун прокурорунун орун басары;

2016 – 2017 — Башкы прокуратуранын укуктук статистика жана каттоо башкармалыгынын начальниги;

2017 – 2018 — Нарын облусунун прокурору;

2018-жылдын 30-майында Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун биринчи орун басары болуп дайындалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0