Бишкектин бир катар көчөлөрүндө 31-майда жарык өчөт. Тизме

© Sputnik / Сергей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЭлектр зымдары. Архив
Электр зымдары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашы оңдоо иштерине байланыштуу экени айтылат.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. "Түндүкэлектр" ишканасы эртең, 31-майда борбор калаанын 10 көчөсүндө жарык өчө турганын кабарлады.

Маалыматта электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашы оңдоо иштерине байланыштуу экени айтылат.

Жарык үзгүлтүккө учурай турган көчөлөр:

— 9.00-18.00 Тыныстанов көчөсү (№64 үй);

— 9.30-15.00 "Дордой" конушунун түндүк тарабы;

— 9.30-17.00 Шевченко, Үмөталиев жана Фрунзе көчөлөрү;

— 9.30-18.00 Боталиев, Челябинск көчөлөрү жана 8-кичи району (№3,8,11,12 үйлөр);

— 10.00-15.00 Осмонкул, Күрөңкеев, Древесная жана Эстонская көчөлөрү.

Жаңылыктар түрмөгү
0