Албек Ибраимов кылмыш иши козголгонун журналисттерден укканын айтты

Жазылуу
30-май күнү УКМК 2012-жылы Албек Ибраимов төрагалык кылган "ТНК Дастан" ААКсындагы коррупциялык иштер боюнча кылмыш иши козголгонун жар салган.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Бишкек мэри Албек Ибраимов өзү фигурант катары каралып жаткан кылмыш иши тууралуу журналисттерден укканын билдирди.

Анын айымында, УКМК кылмыш иши тууралуу маалымдаганда ал шаардык кеңештин жыйынында болчу.

"Мен кылмыш иши тууралуу журналисттерден азыр угуп жатам. Ошондуктан комментарий бере албайм. Кеп 2012-жыл тууралуу болуп жатат, эми агезди эстеш керек", — деди Ибраимов.

Андан соң ал өз кабинетине кирип кетти.

Эске салсак, бүгүн, 30-май күнү УКМК 2012-жылы Албек Ибраимов төрагалык кылган "ТНК Дастан" ААКсындагы коррупциялык иштер боюнча кылмыш ишин козголгонун жар салган.

Жаңылыктар түрмөгү
0