Шашылыш билдирүү! Ош, Жалал-Абад менен Баткенде сел жүрөт

© REUTERS / Muhammad HamedБаткак кечип турган адамдар. Архив
Баткак кечип турган адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Бүгүн, 29-майда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөп, жайлоолордо жаан карга айланышы мүмкүн. Тоолуу райондорго кар түшөт. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында нөшөрлөп жамгыр жаашы мүмкүн.

"Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы төмөндөп, түнкүсүн Чүй, Талас дыйканчылык аймактарында 3…8 градус, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 5…10 градус, тоо этектеринде, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 1…6 градус жылуу, тоолуу райондордо 0…-5 градуска чейин суук болот. Ал эми бийик тоолуу райондордо —5…-10 градуска чейин суук болушу күтүлөт", — деп айтылат маалыматта.

29-31-майда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында сел жүрүшү мүмкүн. Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0