Министрлик: аба ырайына байланыштуу быйыл түшүм аз болот

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүБуудай түшүмүн жыйноо иштери. Архив
Буудай түшүмүн жыйноо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы күндөрү Кыргызстанда нөшөрлөп жаан жаап, жайыттарга түшкөн кардан улам мал кырылды.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Нөшөрлөп жааган жаандан улам быйыл түшүмдүн көлөмү былтыркыга салыштырмалуу төмөн болот. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев билдирди.

Буга чейин бир нече ирет шашылыш билдирүү таратылган болчу. Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында аба ырайынын температурасы төмөндөп, Бишкектин жака белине кар түшкөн.

"Нөшөрлөп жааган жаан буудай, арпа, мөмө-жемиштерге терс таасирин тийгизет. Анткен менен бедеге залакасы болбойт. Биздин божомол боюнча быйылкы түшүм былтыркыга салыштырмалуу азыраак болот. Бирок мониторинг жүргүзүлүп, эсептөөлөр аяктагандан кийин так жооп айта алабыз", — деди министрдин орун басары.

Ал ошондой эле буга чейин түшкөн кардан мал кырылып, учурда чыгымдар эсептелип жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0