Курулбай жатып чөгүп, чуу болгон"Ала-Тоодогу" мектеп кайра оңдолду

© пресс-служба мэрии города БишкекБорбор калаанын "Ала-Тоо" конушундагы №82 орто мектептин оңдоо жана калыбына келтирүү иштери аягына чыкканын муниципалитеттен кабарлашты
Борбор калаанын Ала-Тоо конушундагы №82 орто мектептин оңдоо жана калыбына келтирүү иштери аягына чыкканын муниципалитеттен кабарлашты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда ведомстволор аралык комиссия бүткөрүлгөн иштин сапатын текшерип жана техникалык талаптарга дал келүүсүн карап жатат.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Борбор калаанын "Ала-Тоо" конушундагы №82 орто мектептин оңдоо жана калыбына келтирүү иштери аягына чыкканын муниципалитеттен кабарлашты.

© пресс-служба мэрии города БишкекБорбор калаанын "Ала-Тоо" конушундагы №82 орто мектептин оңдоо жана калыбына келтирүү иштери аягына чыкканын муниципалитеттен кабарлашты
Борбор калаанын Ала-Тоо конушундагы №82 орто мектептин оңдоо жана калыбына келтирүү иштери аягына чыкканын муниципалитеттен кабарлашты - Sputnik Кыргызстан
1/3
Борбор калаанын "Ала-Тоо" конушундагы №82 орто мектептин оңдоо жана калыбына келтирүү иштери аягына чыкканын муниципалитеттен кабарлашты
© пресс-служба мэрии города БишкекОңдоо иштерин Ленин районунун акими Нурдин Тынаев барып көргөн
Оңдоо иштерин Ленин районунун акими Нурдин Тынаев барып көргөн - Sputnik Кыргызстан
2/3
Оңдоо иштерин Ленин районунун акими Нурдин Тынаев барып көргөн
© пресс-служба мэрии города БишкекБелгилей кетсек, "Ала-Тоо" конушунда 2015-жылы жаңы салынган мектептин пайдубалы үч жылга жетпей 10-20 сантиметрге чөгүп кеткен.
Белгилей кетсек, Ала-Тоо конушунда 2015-жылы жаңы салынган мектептин пайдубалы үч жылга жетпей 10-20 сантиметрге чөгүп кеткен. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Белгилей кетсек, "Ала-Тоо" конушунда 2015-жылы жаңы салынган мектептин пайдубалы үч жылга жетпей 10-20 сантиметрге чөгүп кеткен.
1/3
Борбор калаанын "Ала-Тоо" конушундагы №82 орто мектептин оңдоо жана калыбына келтирүү иштери аягына чыкканын муниципалитеттен кабарлашты
2/3
Оңдоо иштерин Ленин районунун акими Нурдин Тынаев барып көргөн
3/3
Белгилей кетсек, "Ала-Тоо" конушунда 2015-жылы жаңы салынган мектептин пайдубалы үч жылга жетпей 10-20 сантиметрге чөгүп кеткен.

Оңдоо иштерин Ленин районунун акими Нурдин Тынаев барып көргөн.

Белгилей кетсек, "Ала-Тоо" конушунда 2015-жылы жаңы салынган мектептин пайдубалы үч жылга жетпей 10-20 сантиметрге чөгүп кеткен. Ызы-чууга түшкөн билим берүү мекемесин март айынын башында кайрадан оңдоого аргасыз болушкан. Анда жер төлөсүндө жайгашкан ашкана, устакана жана башка көмөкчү бөлмөлөрдүн астынан суу чыга баштаган.

Калыс-Ордодогу 3,5 млн. долларлык мектептин асмандан көрүнүшү - Sputnik Кыргызстан
"Калыс-Ордодогу" 3,5 млн. долларлык мектептин асмандан көрүнүшү
Учурда ведомстволор аралык комиссия бүткөрүлгөн иштин сапатын текшерип жана техникалык талаптарга дал келүүсүн карап жатат.

Ошондой эле мектепти алгач толук куруп бүтүргөн "СМУ-3" курулуш компаниясы кайра калыбына келтирүүнү да өз мойнуна алган.

Казакстандын президенти тарабынан бөлүнгөн каражатка салынган мектептин үч жылга жетпей урай башташынын себеби эмнеде, мектепти кайсы компания канча сомго курганын Sputnik Кыргызстан агенттиги иликтеп чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0