Бишкектин ремонт үчүн жабылган көчөлөрү. Жаңы карта

Жазылуу
ЖКККББ каттам үчүн жабылган көчөлөрдүн тизмесин берди.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Бишкекте ремонт иштери жүрүп жаткан 23 көчө жабылды. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Каттам үчүн жабылган жолдор:

— Манас проспектиси — Жибек Жолунан Чүйгө чейин;

— Манас проспектиси — Семетей көчөсүнөн Масалиевге чейин;

— Чүй проспектиси — Жаш Гвардия бульварынан Павлов көчөсүнө чейин;

— Чүй проспектиси — 7-Апрель көчөсүнөн Төрөкул Айтматовго чейин (түштүк тарабы);

— Эркиндик проспектиси — Түгөлбай-Ата көчөсүнөн Токтогулга чейин (батыш тарабы);

— 7-Апрель көчөсү — Анкарадан Чүй проспектисине чейин (батыш тарабы);

— Абдрахманов көчөсү — Иманалиевден Чыңгыз Айтматов проспектисине чейин

— Алыкулов көчөсү — Ахунбаевден гагаринге чейин;

— Баялинов көчөсү — Элебесовдон Тоголок Молдого чейин;

— Достоевский көчөсү — Анкарадан Лев Толстойго чейин;

— Жаманбаев көчөсү — Токтоналиевден Чыңгыз Айтматов проспектисине чейин;

— Калык Акиев көчөсү — Бөкөнбаевден Жибек Жолу проспектисине чейин;

— Каралаев көчөсү — Куттубаевден Нуркамалга чейин;

— Москва көчөсү — Ибраимовдон Абдрахмановго чейин;

— Орозбеков көчөсү — Саадаевден Фереге чейин;

— Осмонкул көчөсү — Алматыдан Жибек Жолу проспектисине чейин;

— Салиев көчөсү — Лермонтовдон Калининге чейин;

— Салтанат көчөсү — Кайназаровдон Патриса Лумумбыга чейин;

— Термечиков көчөсү — Лев Толстойдон Гагаринге чейин;

— Тыныстанов көчөсү — Жумабектен Чүй проспектисине чейин;

— Щербаков көчөсү — Махатма Гандиден Манаска чейин;

— Лермонтов көчөсү — Ибраевден Жибек Жолу проспектисине чейин (газ түтүктөрүнө ремонт иши жасалат);

— Фрунзе көчөсү — Осмонкулдан Сүйүнбаевге чейин (газ түтүктөрүнө ремонт иши жасалат).

Жаңылыктар түрмөгү
0