Бардарчылыкка умтулуп... Жалал-Абадда жакыр үй-бүлөлөргө күнөскана берилди

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүРабота тепличного комплекса ООО "Согласие" в Челябинской области
Работа тепличного комплекса ООО Согласие в Челябинской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Долбоордун максаты — аталган аймакта тамак-аштын сапатын жакшыртып, муктаж үй-бүлөлөрдүн кирешесин көбөйтүү.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Жалал-Абад облусунда жакыр жашаган 123 үй-бүлөгө БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) күнөсканаларды берди. Бул иш-чара "Жемиштүү социалдык келишим/Акча каражаттары плюс" долбоорунун алкагында ишке ашканын аталган уюмдан билдиришти.

Долбоор 2017-жылы ФАО менен Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан ишке ашкан. Максаты — аталган аймакта тамак-аштын сапатын жакшыртып, муктаж үй-бүлөлөрдүн кирешесин көбөйтүү.

"123 үй-бүлөгө Жалал-Абад облусунда жакшы сатылчу алты жашылча-жемиштердин үрөнү берилди. Мындан тышкары, аларга туннель формасындагы орточо чоңдуктагы жылытылбаган күнөсканалар тапшырылды", — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда, аталган күнөсканалар эрте жаздан кеч күзгө чейин иштеп, аймактын жашылча-жемишке болгон муктаждыгын толтура алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0