Бишкекте Айни көчөсүнүн оңдоодон өткөн бөлүгү ачылды

© пресс-служба мэрии города БишкекОткрытие участка дороги на улице Айни в Бишкеке
Открытие участка дороги на улице Айни в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган көчөдөгү оңдоп-түзөө иштери ушул жылдын 23-мартында башталган.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Борбор калаадагы Айни көчөсүнүн бир бөлүгү ачылганын мэриядан кабарлашты.

Капиталдык курулуш башкармалыгынын билдирүүсүнө ылайык, Чыңгыз Айтматов көчөсүнөн Псков көчөсүнө чейинки унаалар өтүүчү бөлүгүнүн ремонту аяктады. 

© пресс-служба мэрии города БишкекБорбор калаадагы Айни көчөсүнүн бир бөлүгү ачылды
Открытие участка дороги на улице Айни в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Борбор калаадагы Айни көчөсүнүн бир бөлүгү ачылды

Эске салсак, аталган көчөдөгү оңдоп-түзөө иштери ушул жылдын 23-мартында башталган.

Мэрия жаңы жасалган жол эми 5-10 жылга чейин кызмат кылат деп божомолдоодо.

Жаңылыктар түрмөгү
0