Өмүрүн тобокелге салып терезе жууган окуучулар боюнча мугалимдер жазаланды

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүПодготовка к 1 сентября одной из школ в Великом Новгороде
Подготовка к 1 сентября одной из школ в Великом Новгороде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жети күн мурда күбө №91 мектеп-гимназиянын окуучулары тобокелчиликке салып үчүнчү кабаттын терезесин жууп жатканын видеого тартып алган.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Бишкектеги №91 мектеп-гимназиясынын директору менен мугалимдердин бири окуучулар үчүнчү кабаттын терезесинин сыртын коопсуздук эрежелерин сактабастан жууганы үчүн катуу сөгүш алды. Бул тууралуу билим берүү мекемесинин жетекчиси Азаткан Чекирова билдирди.

Бир жума мурда, 15-май күнү, күбө окуяны видеого тартып Sputnik Кыргызстан агенттигине жиберген болчу. Мектеп директору бул боюнча чара көрүлөрүн билдирген. 

© © видео очевидца, отправленное по WhatsApp-каналуРискуя сорваться, дети в Бишкеке мыли окна на третьем этаже школы. Видео
Рискуя сорваться, дети в Бишкеке мыли окна на третьем этаже школы. Видео - Sputnik Кыргызстан
Рискуя сорваться, дети в Бишкеке мыли окна на третьем этаже школы. Видео

"Мугалимге катуу сөгүш жарыяланды. Билим берүү башкармалыгы тарабынан мага дагы сөгүш берилди", — деди Чекирова.

Ал ошондой эле мектепте атайын жыйын өтүп, мугалимдерге балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруу керектиги боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0