Бишкекте иштеп жүрүп дайынсыз жоголгон ноокаттык киши изделүүдө. Сүрөт

Жазылуу
Дайынсыз болуп жаткан адам үстүбүздөгү жылдын апрель айынан бери туугандары менен байланышка чыккан эмес.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери дайынсыз болуп жаткан 40 жаштагы Жалал-Абад облусунун тургуну Сайпидин Исламовду издеп жатат. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден маалымдашты.

© Фото / пресс-служба ГУВД БишкекаБиринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери дайынсыз болуп жаткан 40 жаштагы Жалал-Абад облусунун тургуну Сайпидин Исламовду издеп жатат
Пропавший в Бишкеке житель Джалал-Абадской обалсти Сайпидин Исламов - Sputnik Кыргызстан
Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери дайынсыз болуп жаткан 40 жаштагы Жалал-Абад облусунун тургуну Сайпидин Исламовду издеп жатат

Водлозерский национальный парк в Архангельской области - Sputnik Кыргызстан
Нарын районунда жети ай мурун жоголгон токойчу изделүүдө
Милициядан кабарлашкандай, Исламов үстүбүздөгү жылдын апрель айында Ноокат районундагы үйүнөн Бишкек шаарына кеткен. 19-апрелге караган түнү борбор калаадагы Коммунаров көчөсүндө жайгашкан кийим тигүү цехинен чыгып кетип, ошону менен үйүнө кайтып келген эмес.

Өзгөчө белгилери: бою 170 сантиметр, арыкчырай, чачы менен көздөрү кара.

Шаардык милиция Исламов тууралуу билген адамдардын бардыгын Бишкектеги Биринчи Май райондук ИИББине төмөнкү номурлар аркылуу 0(312) 56-82-60, 0(550) 102-170, (0701) 41-19-79, (0555) 66-56-53, (0550) 102-486 байланышууну суранат.

Жаңылыктар түрмөгү
0