Сокулук: медреседе окуган кыздар тигүүчүлүк кесипке ээ болушту

© AFP / MOHD RASFANИсламская школа только для девочек в Куала-Лумпуре
Исламская школа только для девочек в Куала-Лумпуре - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул ирет тикмечилик кесибин үйрөнгөн 21 кызга алган билимин тастыктаган атайын сертификаттар берилди.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы медресе бүтүрүүчү класстын окуучуларына тигүүчүлүк кесибин үйрөтүүдө. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган долбоордун менеджери Нарынбек Кыдыргычев билдирди.

Анын айтымында, бул ирет тикмечилик кесибин үйрөнгөн 21 кызга алган билимин тастыктаган атайын сертификаттар берилди.

"Медресе жетинчи ирет бүтүрүүчүлөрүн чыгарып, көпчүлүгүн жумуш менен камсыз кылды. Акысыз кесип үйрөткөн курстар АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин грантына каржыланды. Негизги максаты — жаштарды терроризм, экстремизм, радикализм азгырыктарынан коргоп, ар түрдүү террордук топторго берилип кетпешинин алдын алуу жана аларды жумуш менен камсыз кылуу болуп саналат", — деди Кыдыргычев.

Ал ошондой эле диний окуу жайда билим алган кыздар 1,5 айда эле тигүүчүлүктү үйрөнүп, ал тургай буйрутма алып, апта ичинде 6 миң сомго чейин каражат таап жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0