Кыргыз эл жазуучусу Көчкөн Сактанов дүйнө салды

© Sputnik / Табылды КадырбековМитинг-реквием, посвященный 71-летию освобождения Ленинграда от блокады
Митинг-реквием, посвященный 71-летию освобождения Ленинграда от блокады - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жазуучунун адабияттагы чыгармачылык жолу 1968-жылы "Үчөөнүн жүрөгү" деген повести жарык көргөндөн кийин башталган.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Кыргыз эл жазуучусу, белгилүү драматург жана журналист Көчкөн Сактанов узакка созулган оорудан улам 76 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Билдирмеге караганда, жазуучу жана драматург 20-май күнү көз жумган.

Кыргызский борец греко-римского стиля, чемпион Азии, призер чемпионата мира Раатбек Санатбаев и спортивный журналист Кабыл Макешов - Sputnik Кыргызстан
Мыкты сүрөтчү же режиссер чыкмак... Каман алптын тукуму Раатбек Санатбаев тууралуу
Көчкөн Сактановдун адабияттагы чыгармачылык жолу 1968-жылы "Үчөөнүн жүрөгү" деген повести жарык көргөндөн кийин башталган. Ошондой эле "Бүттү, быйыл күйөөгө чыгам" жана улуу жазуучу Төлөгөн Касымбеков менен биргелешип жазылган "Курманжан датка" аталышындагы пьесалары чоң ийгилик менен өлкөбүздүн көптөгөн театрларында коюлган.

Жазуучунун чыгармачылык ишмердигинин дүркүрөп өскөн мезгили 1974-2013-жылдарга туура келет. Ал ушул аралыкта "Апама кат", "Умтулуу", "Адат азабы", "Мурас", "Маркумдар үнү", "Сталинден кийинки заман", "Чөөлөрдүн заманы", "Искендер Зулкарнайн", "Алымбек датка", "Курманжан датка", "Атилла" жана башка аңгеме, повесть жана романдарын окурмандарга тартуулаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0