Жакынкы күндөрү мыйзамсыз курулуп жаткан бир нече объектилердин дагы иши токтотулат.
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Бишкек шаарындагы "Арча-Бешик" конушунун Шералиев көчөсүндө жайгашкан эки кабаттуу "Арчи" кафеси буздурулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Бишкек шаарындагы "Арча-Бешик" конушунун Шералиев көчөсүндө жайгашкан эки кабаттуу "Арчи" кафеси буздурулду
Бишкек шаарындагы "Арча-Бешик" конушунун Шералиев көчөсүндө жайгашкан эки кабаттуу "Арчи" кафеси буздурулду
Маалыматка караганда, кафе жайгашкан аймак муниципалдык жер тилкеси болуп эсептелет.
"Имарат мыйзамсыз негизде салынгандыктан, мэриянын алдындагы Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы менен "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери демонтаж иштерин аткарды. Кафенин аймагы 252 чарчы метрди түзөт. Буга чейин ээсине эскертүү берилген болчу", — деп айтылат маалыматта.
Жакынкы күндөрү мыйзамсыз курулуп жаткан бир нече объектилердин дагы иши токтотулат.
Алыкул Осмонов лирикалык поэзиянын теңдешсиз чебери, анын көпчүлүк ырларында акындын кайталангыс таланты даана көрүнүп турат. Чыгармаларынын катарында Ысык-Көл тууралуу ырларынын түрмөгү да өзгөчө орунда.
Өлкө башчы Сауд Аравиясындагы Кыргызстандын элчилигинин имараттарынын жаңы комплексинин расмий ачылышына катышып, мекендештер менен жолугушары маалым болду.