Бишкектеги маршруттук таксилер ызы-чуу кылган камсыздандырууну төлөштү

© Sputnik / Табылды КадырбековМаршрутка күтүп жаткан шаар тургундары. Архив
Маршрутка күтүп жаткан шаар тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айдоочулар жылына 2000 сомдун тегеринде төлөп жүрүгүнчүлөрүнүн өмүрүн камсыздандырат.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Борбор калаадагы маршруттук таксилердин баары май айынын ортосуна чейин камсыздандыруудан өтүп бүтүштү. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Бишкек транспорт башкармалыгынын орун басары Нурлан Атыканов билдирди.

Ар бир орундукту камсыздандыруу жылына 136 сомдон айланып, жалпы суммасы 2000 сомдун тегерегинде болот.

Работа общественного транспорта в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Миллиондогон сомдор! Маршруткаларды өкмөткө өткөрсөк канча акча түшмөк?
Мыйзам боюнча эгер жүргүнчү жол кырсыгында жабыркаса маршрутканын айдоочусу же аны иштеткен фирма жоопко тартылат. Адам өмүрүн камсыздандыруу менен айдоочулар кырсыктан жаракат алган жүргүнчүлөргө каражат төлөөдөн кутулат да, камсыздандыруучу компания 310 миң чомго чейин төлөп берет.

Жүргүнчү же кооптуу жүк ташыган айдоочуларды камсыздандырууну сатып алууга милдеттендирген мыйзам Кыргызстанда 2008-жылы кабыл алынган. 10 жыл мурун эле иштей турган мыйзам тийиштүү жаза чарасынын жоктугунан аткарылбай келген. Үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен тарта кырдаал өзгөрүп, айдоочулардын камсыздандыруусу болбосо, 500 сом айып пул салууга укук берилген.

Белгилей кетсек, 2-апрелде маршрутка айдоочулары жол кирени көтөрүү жана милдеттүү камсыздандырууну жоюу талабы менен иш таштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0