Disney, Microsoft, Keller Williams компанияларында иштеген Айдана Шаменова менен маек

© Фото / предоставлено Айданой ШаменовойУспех бишкекчанки Айданы Шаменовой
Успех бишкекчанки Айданы Шаменовой - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектик Айдана Шаменова 10 жылдан ашык убакыт Мадрид шаарында жашап, Walt Disney, Microsoft, Company Perfumes Y Diseno компанияларында иштеген.

Бирок деңиздин жээгинде жашайм деген тилеги аны Испаниянын түштүгүндөгү Марбелья шаарына жетелеп барганына эки жыл болду. Азыр ал жакта турак жай сатуу боюнча АКШда №1 деп эсептелген Keller Williams Marbella фирмасы менен кызматташып жүрөт.

Качандыр бир кезде Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинде иштеген Айдана кандайча Европага барып, дүйнөгө таанымал компанияларда иштеп калгандыгы тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Бегимай Бакашевага айтып берди.

— Айдана, балалыгыңыз кайсыл жакта өттү эле?

— Фрунзе шаарында чоңойгом. Балалыгым ошол убактагы бардык эле шаардын балдарындай болуп көп кабаттуу үйлөрдүн короосунда өттү. Кошунанын балдары менен "Казаки-разбойники" ойноп жүрүп чоңойдук. Менимче, балалык дал ушундай болушу керек го. Ошондо гана кимдир бирөөгө таарынганың, башка бирөөнүн сага болушканы, кубаныч, күлкү сыяктуу ирмемдер эсиңде калат. Балалык ошонусу менен баалуу деп ойлойм. Кийин дагы ошол сезимдер жүрөккө жылуулук тартуулап, бактылуу күндөрдү эске салат. 

© Фото / предоставлено Айданой ШаменовойШаменова: жаңы таанышкандар "Өзүң кытайга окшош, сүйлөгөнүң испанча, орусча. Деги кимсиң?" деп таң кала беришет
Успех бишкекчанки Айданы Шаменовой - Sputnik Кыргызстан
Шаменова: жаңы таанышкандар "Өзүң кытайга окшош, сүйлөгөнүң испанча, орусча. Деги кимсиң?" деп таң кала беришет

— Жогорку билимди Бишкектен алдыңыз беле?

— Ооба, Кыргыз-орус славян университетинин (КРСУ) саясат таануу бөлүмүндө,  ошол жылдары эле АКШнын Бостон шаарында тил курстарында дагы окуп келдим.

— Анда Испанияга кандайча кетип калдыңыз?

Рентгенохирург жана медициналык радиология боюнча адис Руслан Шаршебаев - Sputnik Кыргызстан
Түркиядагы кыргызстандык дарыгер: бир тыйыным жок жүргөн учурлар болгон
— КРСУну бүткөндөн кийин Тышкы иштер министрлигине практикага барып, андан ары иштегени алып калышкан. 4-5 жыл эмгектенгенден кийин Мадриддеги дипломатиялык мектепте окууга грант утуп алдым. Ошентип мени тагдыр Европага алып барып койду. Мадридге келгениме бир ай өтүп-өтпөй келечектеги жолдошум менен тааныштым. Ортобузда сезимдер пайда болуп, көп өтпөй үйлөнүп алдык. Мен Испанияга иштейм, калам деп келген эмесмин, болгону жашоо бардыгын өз ордуна коюп койду. Азыр эки кызыбыз бар.

— Тагдыр түгөйүңүздү Европадан таап берген турбайбы. Ал эми жумуш жагы кандай болду? Мурда испан тилин билчү белеңиз?

— Жок, кетээрде бир аз үйрөнүп алгам. Бирок ал деңгээлде эл менен эркин сүйлөшүп, жумушка орношуу мүмкүн эмес болчу. Ал эми англис тили агезде Испанияда анча популярдуу эмес экен. Муну түшүнгөндөн кийин жолдошум менен мурдагыдай англисче сүйлөшпөй, күнү-түнү испанча сүйлөшө баштадым. Азыр эми испан тилинде түш жоруйм (күлүп). Жумуш табуу үчүн күнүнө ондогон резюмемди ар кайсы ишканаларга тажабай жөнөтө берчүмүн. Бирок биринчи ишим алты айдан кийин гана табылды. 

© Фото / предоставлено Айданой ШаменовойАйдана Шаменова кесиптештери менен
Успех бишкекчанки Айданы Шаменовой - Sputnik Кыргызстан
Айдана Шаменова кесиптештери менен

— Эң биринчи кайсы жерде иштеп, канча айлык алдыңыз?

— Алгач Испаниядагы Disney компаниясынын эл аралык бөлүмүнө кардарлар менен иштөө боюнча жумушка кирип, Австралия, Европа, Кытай өлкөлөрүндөгү орус тилдүү кардарлар менен иштедим. Документтердин көбү англис тилинде жүргүзүлүп, жумушта элдин баары испанча сүйлөшөт. Айтор, башында бир топ эле кыйналдым. Алгачкы айларда 800-900 евро алчумун. Европа үчүн бул абдан төмөн айлык. Бирок мага айлык эмес, таржыйба маанилүү болчу. Экинчиден, жумуш берүүчүгө дагы убакыт беришиң керек. Ал сени жакындан таанып, эмне үчүн сага айлык төлөп жатканын өзү үчүн аныктап алышы керек.

— Алгачкы жумушуңузга орус тилин билгениңиздин пайдасы тийген турбайбы анда?

Повар в японском ресторане Асылбек Асаналиев - Sputnik Кыргызстан
Япониядагы ашпозчу Асылбек: айына 3500 долларга чейин айлык алам
— Албетте, тийди. Орус тилин билсең, бир топ эшиктер ачылат. Ошондуктан үйдөн кыздарым менен жалаң орусча сүйлөшөм. Эмнеге кыргызча эмес деген суроо туулушу мүмкүн. Биринчиден, менин балдарым испандыктар. Экинчиден, кыргыз тили менин эне тилим, мен аны сүйөм, апам, төркүнүм менен кыргызча сүйлөшөм. Бирок Европада бутума туруп кетүүгө орус тили жардам берди. Негизи эле заман талабына жооп берген адис болом дегендерге орус тилин гана эмес, жок дегенде 3-4 тилди өздөштүрүүнү сунуштайм. Ар бирин бирдей деңгээлде билип, жазып, окуй алсаңар, жерде калбайсыңар.

— Сиз менен сүйлөшүп жатып, өзүмдү колунан эч нерсе келбеген адамдай сезе баштадым. Мен бир топ жылдан бери англис тилин жөндөп үйрөнө албай жүрөм…

— Адамдын колунан келбеген нерсе жок, болгону каалоо жана умтулуу керек. Мисалы, адам дароо эле автоунаа айдаганды билип туулбайт да. Бардыгы каалоо, таржыйба аркылуу келет. 

© Фото / предоставлено Айданой ШаменовойАйдана Шаменова: деңиз жээгинде жашаш үчүн Мадрид шаарынан көчүп кеттик
Успех бишкекчанки Айданы Шаменовой - Sputnik Кыргызстан
Айдана Шаменова: деңиз жээгинде жашаш үчүн Мадрид шаарынан көчүп кеттик

— Испанияга жаңы барган күндөрдү эстесеңиз, Кыргызстан тууралуу билгендер бар беле? Мисалы, ошол эле жолдошуңуз.

— Күйөөм мурда Казакстанда болгон экен, ошол үчүн Борбордук Азия, Кыргызстан жөнүндө маалыматы бар болчу. Биздин маданият, жашоо шартыбыз жөнүндө билгени мени жактырып калууга түрткү болду го деп ойлойм (күлүп). Ал эми башка тааныштарымдан "мен Кыргызстанды билем, ал жакта болгом" деген сөз уккан эмесмин. Испания узак жылдар бою жабык мамлекет болуп келгенин эске алганда, бул кадыресе эле көрүнүш деп эсептейм. Азыркыга чейин эле жаңы таанышкан адамдар улутуң ким, кайсы мамлекеттенсиң деп таң кала беришет. "Өзүң кытайга окшош, сүйлөгөнүң испанча, орусча. Деги кимсиң?" деп тамашалап калышат. А мен Кыргызстан тууралуу айтып түгөтө албай, мекенимди рекламалап, барып келгиле деп үгүттөй берем.

— Азыр Марбелья шаарында жашайт турбайсызбы. Мадридден эмнеге кетип калдыңыз?

Дүйнөнүн сулуу айымы – 2018 сулуулук сынагынын жеңүүчүү Сания Шакирова - Sputnik Кыргызстан
Эмнеден жазганымды билбейм. "Дүйнөнүн сулуу айымы" Сания Шакирова менен маек
— Мадрид шаарында 12 жыл жашадым. Буга чейинки эң бактылуу көз ирмемдер ошол жакта өттү. Ири компанияларда, дүйнөлүк мода тармагында эмгектендим, эки кыз төрөдүм. Мадрид чоң, кооз, кызыктуу шаар, мен аны жакшы көрөм. Бирок  башынан эле деңиз жээгинде жашайм деген максатым бар болчу. Марбельяга көчүп барганыбызга эки жыл болду. 200 миңдей адам жашаган Испаниянын түштүгүндөгү курорттук шаар.

— Баса, Мадридде дагы кайсы компанияларда иштедиңиз?

— 10 жылга чукул убакыт Company Perfumes y Diseno деген фирманын эл аралык бөлүмүндө КМШ, Евпоранын бир бөлүгү жана Чыгыш өлкөлөрү боюнча менеджер болуп эмгектендим. Алар люкс классындагы парфюм жана косметикалык каражаттарды өндүрүп, дүйнө жүзүнө таратат. Өндүрүштүн ар бир тармагына тиешем бар эле. Мениче, бул ар бир аялдын кыяландагы жумуш болсо керек. Андан соң Европада белгилүү дизейнер менен иштешип, Париж, Нью-Йорк шаарларында өткөн мода көргөзмөлөрүнө катыштым. Атайын долбоордун алкагында бир аз убакыт Microsoft компаниясында эмгектендим. 

© Фото / предоставлено Айданой ШаменовойМадридде алгачкы жумушун алты ай издеген
Успех бишкекчанки Айданы Шаменовой - Sputnik Кыргызстан
Мадридде алгачкы жумушун алты ай издеген

— Суктанып гана угуп отурчу таржымалыңыз бар экен. Бирок ар бир жумушуңуз ар башка тармакта. Резюмеңизди көргөн компаниялар таң калышпайбы?

— "Биздин тармакта тажрыйбаңыз жок турбайбы" деп айткандар болгон. Бирок мен жаңы нерсени үйрөнүүгө каалоом күч экенин айтып, жумуш берүүчүнү ишендире алам. Жогоруда айттым го, бардыгы адамдын каалоосунан гана көз каранды. Мисалы, азыр турак жай сатуу боюнча адисмин. Марбельяга көчүп келгенде АКШда №1 деп эсептелген, Европада дагы белгилүү KELLER WILLIAMS Marbella фирмасына орношком.

— Ал жакта эмне иш кыласыз?

— Кыймылсыз мүлк сатуу боюнча адисмин. Ишимдеги санга эмес, сапатка маани берем. Дегеним, эптеп эле өтсө болду,  деп үйдү жанталашып сатпайм. Кардардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ар биринин атын, туулган жылы, күнүнө чейин билип алам. Аларга чындап ылайыктуу үйдү таап бергенге аракет кылам. Анткени эртең эле бир жерден жүз көрүшөбүз. Ошондо алар мени жакын досундай кабыл алып, кийин тааныштарына мыкты адис катары сунушташын каалайм.

— Дос демекчи, Испаниядагы кыргызстандыктар менен мамилеңиз барбы? Кезигип турасыңарбы?

— Испанияда мекендештер анча көп эмес, бирок бар. Мадридде кыргызстандыктардын ассоциациясы иштейт. Нооруз сыяктуу улуттук майрамдарда чогулабыз. 

© Фото / предоставлено Айданой ШаменовойАйдана учурда эки кыздын энеси
Успех бишкекчанки Айданы Шаменовой - Sputnik Кыргызстан
Айдана учурда эки кыздын энеси

— Төркүн менен бат-бат байланышып турасызбы?

— Апам менен күндө видео чат аркылуу сүйлөшөбүз. Ал жөн гана телефондон сүйлөшүүгө ыраазы болбойт. Ар дайыма жүзүмдү, маанайымды көргүсү келет окшойт. Эне деген ошол экен да. Кайда жүрбө, канча жашта болбо, санаа тарта берет.

— Баса, ал сиздин Европада калышыңызга каршы болгон жок беле?

Обладательница серебряной медали ЧМ по джиу-джитсу Малика Боотаева - Sputnik Кыргызстан
Жиу-житсу боюнча дүйнөнүн күмүш медаль ээси Малика: төрт баланын энесимин
— Апам эч качан менин чечимиме, кадамдарыма каршы болуп, муну кыл, тигини кыл деп өз оюн таңуулаган жок. Азыр деле ошондой, көйгөйлөр чыгып калганда, даттанып телефон чалсам "кызым, өзүң акылдуусуң, жолун табасың" деп жылуу сөзүн гана айтып коет. Ооба, алгачкы жолу АКШга кетип жатканда, ботодой боздоп ыйлаган. Бирок чет өлкөдө билим алуу мага жакшы белек экенин түшүнүп, акыры жиберген.

Менимче, ата-эне  балагаэч качан өзүнө гана керектүү нерсени таңуулабай, жол көрсөтүүчү гана ролду аткарыш керек. Ошондо бала ата-энеден жазганбайт, коркпойт, алыстабайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0