Балам жапжаш туруп ичкиликке ооп кетти... Арактын азабын тарткан эненин бугу

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүПитейные заведения Москвы
Питейные заведения Москвы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында ичкиликке берилип кеткен баласын азыр токтото албай жаткан эненин окуясы баяндалат.

Сиздердин рубриканы Facebook баракчасы аркылуу окуп, айлам кеткенде кайрылып көрүүнү туура көрдүм.

Телефон кармап турган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күйөөм эмес, WhatsApp менен жазышкан жигит жакын сезилет. Келиндин жан сыры
Жалгыз эркек уулум бар. Жашы 30дан ашты. Сегиз жылдан бери арактын кулуна айланып, акыркы күндөрү ансыз тура албай калды. "Ичпе" деп айтып, урушуп да, жалынып да көрдүм, эч жыйынтык жок. Анысы аз келгенсип, аракка акчаны менден сурайт. Бербей койсоң идиш-аяктарды сындырып, ызы-чуу чыгарат. Ар кайсы шылтоону айтып көчөлөп кетип калат. Үйдө мен кантип жан сактап, эмне оокат кылып жатам, аны менен ныпым иши жок. Кечинде ичип келет, уктайт, кайра эртең менен башын жазат. Айтор, арактан башка жашоого кызыкчылыгы жоктой. Ушул бойдон калбасын деп үйлөнттүк. Бирок келинчеги ичкенине чыдабай балалуу боло электе эле кетип калды. Мен болсо 61ге чыктым. Абышкамдын көзү өтүп кеткен. Таянган медерим уулум болсо, анын кебетеси бул…

Турмушка чыккан кыздарым бар. "Келиңиз" деп чакырышат, балам өзүн бирдеме кылып алабы деп корком. Анын үстүнө күйөө баланыкына көп болсо беш күн батам да. Баламдын арагы күндөн-күнгө күчөгөндөн күчөдү. Акча бербей койсом каны коюлуп, өлүп кете жаздайт. Ичкен күнү эртеси аябай ооруйт, "экинчи оозума албайм" деп убада берет. Бирок кечинде баягы эле кейпи. Бишкектеги наркология ооруканасына да жатып чыккан, жыйынтык берген жок. Арактан канын тазалатып, жумасына бир жолу медайымдарга капельница койдуртам. Ошентип кичине алган пенсиям ушунун арагы менен дарыланганына эле кетип жатат. Ичип алып бир жерге жыгылып өлүп калабы деп да корком. Ал үйгө келип жаткыча уйку деген жок. Жаштайынан ушунча ичет, деги эмне кылыш керек экенин билбей калдым. Айлам кетти. Өз баламдын күндөн күнгө ичкич болуп баратканын көрүп жүрөгүм жанчылып бүттү…

Кадиян Бообекова, психолог

Свадьба Джорджа Клуни и Амалы Аламуддина - Sputnik Кыргызстан
Сүйүүмө эми жолуктум, бирок аялымды таштай албайм... Эки ортодо калган жигит
Энесинин абалын түшүнүп турсак да бул жерде баарына өзү күнөөлүү деп айтаар элем. Убакыт өтүп кете электе бул аял тезинен өзү ичпесе да психологго кайрылуусу кажет. Андан соң баласы өзүнөн-өзү арагын азайтат. Бул жерде көйгөй балада эмес, апасында. Уулунун ушундай абалга келип калышына апасынын түздөн-түз тиешеси бар. Анткени убагында анын арагын тыюуга аракет жасаган эмес. Ичкен сайын куюп бербесе да эртеси тамагын жасап, башын жазып, ооруса дарыгерге көрсөтүп ооруну баккандай аракты баккан. Баласы "мындай кылсам апам минтет экен" деп бара-бара аракка көнүп, акыры ичкиликке берилип кеткен. Мындай адамдарды психологияда "кошо берилгендер" деп коебуз. "Өлүп калса эмне болот, мен жок кантет" деп баласын бапестеп атып ушул абалга алып келген. Ооруй баштаганда эле үйрүлүп түшө калсаңар жаны кейигенин кантип сезмек эле. Жаны кейисин, ошол ооруну өзү сезсин. Дарыгерге да алып барбай тим койгула. Адам кыйынчылыкты же ооруну өз башынан өткөргөн соң ден соолуктун, өмүрдүн баркын биле баштайт. Жашоо керекпи, өзү күрөшөт. Ал эми апага айтаарым — кечиктирбей психологго кайрылып, көзмө-көз сүйлөшүңүз. Кийин кеч болуп калат.

Жаңылыктар түрмөгү
0