Ош шаарынын айрым аймактарында 22-май күнү жарык өчөт

© AFP / SEBASTIEN BOZONЭлектр лампасы. Архив
Электр лампасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган аймактарда күз-кыш мезгилине карата энергетикалык объектилерди даярдоо максатында оңдоо иштери жүргүзүлөт.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Ош шаарынын айрым аймактарында 22-май күнү сегиз саатка жарык өчөт. Бул тууралуу калаа мэриясынан кабарлашты.

Депутат Иса Омуркулов - Sputnik Кыргызстан
Иса Өмүркулов: энергетика тармагында принципиалдуу адис калбай калды
Билдирмеге караганда, эртең мененки саат 9.00дөн кечки 17.00гө чейин 2018-2019-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата энергетикалык объектилерди даярдоо максатында оңдоо иштери жүргүзүлөт.

Жарык берүү төмөнкү аймактарда үзгүлтүккө учурайт:

Ош шаарынын №4 "Ак-Тилек" аймактык кеңешине караштуу "Ак-Тилек" кичи шаарчасынын үйлөрү, Учар айылы, Мамыров көчөсү;

№5 "Керме-Тоо" аймактык кеңешине караштуу МЖКУ-2, Кукум-Бий көчөлөрү.

Жаңылыктар түрмөгү
0