Сапар Исаков АКШга кетеби? КСДПнын жообу

Жазылуу
Жолдубаева экс-премьер Исаков тууралуу имиштерди тараткан фейктерге КСДП жооп бербей тургандыгын айтты.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Мурдагы премьер-министр, КСДПнын төрагасынын орун басары Сапар Исаковдун чет мамлекетке кетүү ниети жок жана АКШга да барбайт. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Буга чейин бир катар ЖМКлар Исаковго ТЭЦти модернизациялоо боюнча кылмыш иши козголо турган болсо, АКШ анын Кыргызстандан чыгып кетишине көмөктөшөт деген маалымат жазган.

Жолдубаеванын айтымында, партиядагылар бир катар саясатчылар андан корккондуктан, Исаковдун чет өлкөгө чыгып кетишине кызыкдар болуп жатканын билет.

"Биринчиден, эч качан андай болбойт. Экинчиден, аны ТЭЦти модернизациялоодо коррупция болгон деген кылмыш ишине күбө катары чакырып жатышат. Бир катар саясатчылар андан корккондуктан, Исаковдун чет өлкөгө чыгып кетишине кызыкдар болуп жатканын билебиз. Дагы кайталап коёюн, аны кетишин күтпөй эле коюшсун", — деди Жолдубаева.

Ал Исаков тууралуу имиштерди тараткан фейктерге партия жооп бербей тургандыгын айтты. Исаков буга чейин ТЭЦти модернизациялоо боюнча кылмыш ишинин негизинде УКМКга суракка үч ирет чакырылган.

Жогорку Кенештин жыйынындагы депутаттар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек ТЭЦин кытай компаниясы жаңылашы үчүн добуш берген депутаттардын тизмеси
26-январь күнү кечинде Бишкек ТЭЦиндеги эски буу казандарга суу берген куур жарылганы айтылган. Кырсыктын кесепеттери 30-январда гана жөнгө салынган. Ал арада аталган ишкананын жетекчиси Нурлан Өмүркул уулу кызматтан алынган. Андан кийин экс-директор ТЭЦтеги коррупция тууралуу билген үч кишинин атын атаган.

386 миллион долларлык насыяны Кытай мамлекети берген.

Бишкек ТЭЦтеги авария боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов, анын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров жана Улуттук энергохолдингдин жетекчиси Айбек Калиев камакка алынган.

Ал арада депутаттык убактылуу комиссия ТЭЦ чыры боюнча өзүнүн бүтүмүн чыгарды. Парламентте үч күн бою Бишкек ТЭЦинде кырсык жана анын модернизацияланышы талкууланды. Ага мурдагы өкмөт башчылар — Жантөрө Сатыбалдиев, Темир Сариев жана Сапар Исаков чакырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0