14 жаштагы кызды чет өлкөгө чыгарып кетүүгө аракеттенген жигит кармалды

© Sputnik / Жоомарт УраимовӨспүрүм кыз. Архив
Өспүрүм кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өспүрүм чек арачыларга башка бирөөнүн документин көрсөткөн.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Кыргызстандык жаран 14 жаштагы кызды чет өлкөгө мыйзамсыз негизде алып кетүүгө аракет жасаган. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

Окуя 17-майда "Чалдыбар" көзөмөл өткөрүү бекетинде болгон. 19 жаштагы улан башка бирөөнүн паспорту менен өспүрүм кызды ишеним кат аркылуу өткөрүп кетүүгө аракет кылган.

Документтер текшерилип жаткан кезде 14 жаштагы кыз чек арачыларга башка эле бирөөнүн күбөлүгүн көрсөткөн.

Сурактан кийин чек арачылар өспүрүмдүн ата-энесинин маалыматтары жана кыздын күбөлүктө көрсөтүлгөн жаш курагы документтеги маалыматтар менен дал келбей турганын аныктаган.

Кармалган бала ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилди. Тергөө иштери жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0