Бишкекке иштегени кетип дайынсыз жоголгон ысык-көлдүк киши изделүүдө. Сүрөт

© Sputnik / Табылды КадырбековЖолдун четинде турган адам. Архив
Жолдун четинде турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дайынсыз болуп жаткан адам өткөн жылдын март айынан бери туугандары менен байланышкан эмес.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери дайынсыз болуп жаткан 40 жаштагы Ысык-Көл облусунун тургуну Эшимбаев Нурбек Турумбековичти издеп жатат. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден маалымдашты.

© Фото / пресс-служба ГУВД БишкекаБез вести пропавший 40-летний Нурбек Эшимбаев
Без вести пропавший 40-летний Нурбек Эшимбаев - Sputnik Кыргызстан
Без вести пропавший 40-летний Нурбек Эшимбаев

Милициядан кабарлашкандай, Эшимбаев өткөн жылдын март айында Ысык-Көл облусунан Бишкекке иш издеп кетип, ошону менен үйүнө кайтып келген эмес.

Өзгөчө белгилери: бою 170 сантиметр, арыкчырай, чачы менен көздөрү кара.

Шаардык милиция Эшимбаев тууралуу билген адамдардын бардыгын Бишкектеги Октябрь райондук ИИББине төмөнкү номурлар аркылуу (0312) 54-41-84, (0556) 10-28-28 же 102 кызматына байланышууну суранат.

Жаңылыктар түрмөгү
0