Апа, мен сизди көрөмбү?.. Ара төрөлүп, аппаратка байланган наристелер

© Sputnik / Табылды КадырбековЭне жана баланы коргоо улуттук борборунун оорулуу жана ара төрөлгөн ымыркайлар бөлүмү
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун оорулуу жана ара төрөлгөн ымыркайлар бөлүмү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көзү тоодой болуп шишиген, чачтары тарала элек жаш келин залда ары-бери басып жүрдү. Бир убакта палатага кирип аппаратта жаткан ымыркайга колун бир саамга чейин тийгизип туруп, көзүнө жаш алып кайра чыгып кетти. Көрсө, анын муштумдай болгон баласына бир күндөн кийин операция жасалат экен...

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун оорулуу жана ара төрөлгөн ымыркайлар бөлүмүндө мындай көрүнүш жаңылык эмес. Неантолог дарыгер, медайымдар 500 граммдык балдарды адам катарына кошуп, алардын өмүрү үчүн күн сайын күрөшөт.

Sputnik Кыргызстан агенттиги аталган жайдан репортаж даярдады.

© Sputnik / Табылды КадырбековМуштумдай болгон наристелердин айрымдары операциядан чыкса, кээ бирин дарыгерлер операцияга даярдап жатыптыр
Национальный центр охраны материнства и детства - Sputnik Кыргызстан
Муштумдай болгон наристелердин айрымдары операциядан чыкса, кээ бирин дарыгерлер операцияга даярдап жатыптыр

Операциядан кийин жашап кетиши күмөн…

25 жаштагы Зулкумар Данияр кызынын бир айлык ара төрөлгөн баласынын абалы оор, атайын дем алдыруучу аппаратта жатат. Дарыгерлер ымыркайга бактериалдык сепсис деген диагноз коюшкан. Башкача айтканда, балага катуу суук тийип, канга инфекция кирип, тамырлары ичкерип кеткен.

"Баламды колума ала элекмин. Кош бойлуу кезимде ооругам. Ошол себептенби, айтор, наристем көз жаргандан бери аппаратта. УЗИ, доплерге түшкөн эмесмин да, азабын эми тартып жатам. Дарыгерлер операциядан кийин жашап кетиши күмөн деп жатат", — деп айтып берди жашына муунган келин, каргылданып.

© Sputnik / Табылды КадырбековТатьяна Акментьева ымыркайга операция жасоо чоң кишиникине караганда эки эсе оор экенин айтты
Национальный центр охраны материнства и детства - Sputnik Кыргызстан
Татьяна Акментьева ымыркайга операция жасоо чоң кишиникине караганда эки эсе оор экенин айтты

17 жашында экинчи баласын төрөгөн келин

Аталган бөлүмдүн башкы дарыгери Сагын Абдувалиева "бизге кандай гана энелер кайрылбайт" дейт. Доктур жакында 14 жашында биринчи баласын, 17 жашында экинчи баласын төрөгөн жаш кыз келгенин айтып берди.

© Sputnik / Табылды КадырбековСагын Абдувалиева: Жылына 1000ден ашык ымыркайды дарылоодобуз. Анын ичинде 400-500дөйү ара төрөлгөн балдар. Булардын ичинде тубаса кемтик, бактериалдык сепсис, перинаталдык мээнин өзгөрүшү, сарык болуп төрөлгөн ымыркайлар да бар.
Заведующая отделением патологии новорожденных и недоношенных детей в национальном центре охраны материнства и детства Сагын Абдувалиева - Sputnik Кыргызстан
Сагын Абдувалиева: Жылына 1000ден ашык ымыркайды дарылоодобуз. Анын ичинде 400-500дөйү ара төрөлгөн балдар. Булардын ичинде тубаса кемтик, бактериалдык сепсис, перинаталдык мээнин өзгөрүшү, сарык болуп төрөлгөн ымыркайлар да бар.

"Элестетип көрүңүздөр, биринчи баласын 14 жашында төрөгөн. Бул куракта эне болууга медицина таптакыр жол бербейт да. Бирде болбосун бирде азабын тартат. Анан эки жыл өтпөй эле экинчи баласын айына жетпей төрөп, бизде жатты. Баласынын абалы начар болуп келген, бир айга чукул ооруканада жатып анан үйүнө чыкты. Андан тышкары, салмагы 600-900 граммдык, бир килограммга жетпеген ымыркайларды карайбыз. Мындай балдардын андан аркы жашоосу белгисиз. Себеби алар биринчиден өз убагында төрөлгөн жок, убагында тили чыгып, убагында баспайт. Алар дайыма неврапатологдун көзөмөлүндө гана болуп турушу керек", — деди башкы дарыгер.

Абдывалиева аталган бөлүмдө эң оор абалдагы ымыркайлар дарыланарын кошумчалады.

Нежелательная беременность в КР - Sputnik Кыргызстан
Толгоону жеңилдетүү жана төрөттөн кийин тез тыңуунун жолдору. Гинеколог менен маек
"Учурда бизде энелерин кошпогондо 32 наристе жатат. Жылына 1000ден ашык ымыркайды дарылоодобуз. Анын ичинде 400-500дөйү ара төрөлгөн балдар. Булардын ичинде тубаса кемтик, бактериалдык сепсис, перинаталдык мээнин өзгөрүшү, сарык болуп төрөлгөн ымыркайлар да бар. Алардын өмүрүн сактап калуу үчүн күн-түн дебей күрөшүп, жакшы караганга аракет кылабыз. Учурда биздин бөлүмдө сегиз дарыгер бар. Алардын төртөө күндүз, үчөө түнкү нөсменде алмашып иштейт", — деди башкы дарыгер.

Ал ортодо аталган бөлүмгө Кара-Балта шаарынан үч эм төрөгөн эне Чынара Исманова келип жайгашты. Эки кызынын ден соолугу жакшы болгону менен эркек баласына интенсивдик терапия керек экен.

© Sputnik / Табылды КадырбековНаристелер күнү-түнү медайымдардын көзөмөлүндө
Национальный центр охраны материнства и детства - Sputnik Кыргызстан
Наристелер күнү-түнү медайымдардын көзөмөлүндө

"Үч эмди көтөрүп жүрүү деле оңой эмес да. Жети ай болгондо организмим "болду" деди окшойт. Балдарымды аман-эсен жарык дүйнөгө алып келдим. Салмактары да жакшы, эки килограммдан ашат. Бирок дароо үйгө чыгып кетпей бир аз дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп турушубуз керек экен", — деди аял.

Аппаратка байланган наристелер

Ымыркайлар жаткан реанимация бөлүмүнө баш бактык. Муштумдай болгон наристелердин айрымдары операциядан чыкса, кээ бирин дарыгерлер операцияга даярдап жатыптыр. Хирург-неонатолог Татьяна Акментьева балдарды бизге көрсөтүп жатып, ымыркайга операция жасоо чоң кишиникине караганда эки эсе оор экенин айтты.

© Sputnik / Табылды КадырбековМына бул ымыркай жүрөк кемтиги жана ичеги оорусу менен төрөлгөн
Национальный центр охраны материнства и детства - Sputnik Кыргызстан
Мына бул ымыркай жүрөк кемтиги жана ичеги оорусу менен төрөлгөн

"Муштумдай болгон баланы айрымдары кармагандан коркот. Биз аларды кесип, тигип операция жасайбыз. Дыкат даярдык керек. Мына бул ымыркай жүрөк кемтиги жана ичеги оорусу менен төрөлгөн. Башкача айтканда, дени сак баланын оң да, сол да жагында ичегиси болсо, бул ымыркайдыкы бир жагында эле. Ошол себептен өзү заңдай албайт, тамак иче албайт. Мындан улам ал тамыры аркылуу гана азыктанат. Операцияга даярдап жатабыз. Бирок абалы күндөн-күнгө начарлоодо", — деди Акментьева.

Балаңыз дени сак төрөлсүн десеңиз…

Сагын Абдувалиева дени сак жана толук кандуу бала төрөш үчүн энелер эмнелерди эске алышы керектигин түшүндүрүп берди.

© Sputnik / Табылды КадырбековСагын Абдувалиева: Эгер эненин каны аз болсо, 25-50 пайызынан тубаса кемтик оорулуу бала төрөшү мүмкүн
Заведующая отделением патологии новорожденных и недоношенных детей в национальном центре охраны материнства и детства Сагын Абдувалиева - Sputnik Кыргызстан
Сагын Абдувалиева: Эгер эненин каны аз болсо, 25-50 пайызынан тубаса кемтик оорулуу бала төрөшү мүмкүн

— Эгер эненин каны аз болсо, 25-50 пайызынан тубаса кемтик оорулуу бала төрөшү мүмкүн. Мындан улам турмушка чыга элек кыздар, балалуу болууну пландаган, кош бойлуу энелердин бардыгы биринчи кезекте туура, витаминдүү тамактар менен азыктанышы зарыл. Дени сак болсо, кош бойлуу мезгилде да оорубайт;

— Бойго бүткөнгө чейин, кош бойлуу мезгилде сөзсүз түрдө фолий кислотасын ичүү керек;

— Балдардын ортосу үч жарым жаштан кем болбош керек. Удаа төрөт кийинки жарыкка келген ымыркайга кедергисин тийгизет;

— Жаман адаттардан (чылым, ичимдик) арылып, спорт менен достошкону да оң.

— Туугандарга турмушка чыкпайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0