Премьер Абылгазиев Түркияга учуп кетти

© Пресс-служба правительства КРПервый вице-премьер-министр КР Мухамметкалый Абулгазиев
Первый вице-премьер-министр КР Мухамметкалый Абулгазиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чарада Газа секторундагы тынчыбай жаткан кагылышууларга тийиштүү маселелерди талкуулоо пландаштырылган.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ислам Кызматташтык Уюмунун кезексиз саммитине катышуу үчүн Стамбул шаарына учуп кетти. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

"Кеңешменин жүрүшүндө Газа секторундагы тынчыбай жаткан кагылышууларга тийиштүү маселелерди талкуулоо пландаштырылууда", — деп айтылат маалыматта.

ИКУ — ислам мамлекеттеринин эл аралык уюму, ага 57 өлкө кирген. Кыргызстан 1992-жылдын 1-декабрынан тарта аталган уюмга мүчө.

Жаңылыктар түрмөгү
0