14:18 24 Бугу 2018
Түз эфир
Театр жана кино актеру Марат Жантелиев маек учурунда

Марат Жантелиев: "Ош" базарды аралап жарма саткан күндөр болгон

© Sputnik / Азамат Тотубаев
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Айтурган Сатиева
118031

Кандай ролду аткарбасын, ийине жеткире ойноп көрүүчүлөрдүн купулуна толгон театр жана кино актеру Марат Жантелиев биздин редакциянын коногу болду.

Талыкпаган эмгек менен тоодой ийгиликтерди багынтса болорун баарыбыз билебиз. Ал эми эмгекке талант кошулганда убакыт да, көр оокат да жеңе албасын Марат Жантелиевдин чыгармачылыгынан көрсөк болот. "Мен ролго сүңгүп кирмейин аны жарата албайм" деген актер бирде жай сүйлөп, бирде Манас айтып жаткандай опурулуп же болбосо каармандарынын үнүн келиштире туурап маек куруп жатты. Актердун өмүр жолун угуп отуруп, тасма көргөндөй таасирде калдым.

— Марат байке, артист болуу балалык кыялыңыз беле же бул тармакка турмуштун агымы менен келип калдыңызбы?

— Эмнеден улам экенин деле билбейм, эс тарткандан баштап эле артист болом дей берчүмүн. Туугандардын бирин тарттым дейин десем, биздин тукумда деги эле артист бирөө-жарым болбоптур. Ата-энем экөө тең медик эле. Кыялкеч деле эмес болчумун. Көз айнекчен, пионер жагоомду чыкыйта байлап, кийинчерээк комсомол значогумду тагынып, жалаң "5"ке окуган окуучу элем. Ичкен жокмун, тамеки тарткан жокмун, ата-энемдин тарбиясы катуу болчу. Ал кезде эл кыдырып театр артисттери келчү, балким ошолорду көрүп, кинолорго таасирленип, бул кесиптин ээси болгум келгендир. Андагы атагы таш жарган артисттер Бакирдин Аалиев, Капар Медетбеков, Кеңеш Курманалиева, Койсун Карасартова, ушул адамдардын чыгармачылыгына кызыгып артист болуп калдым го деп ойлоп коем.

Актер театра и кино Марат Жантелиев
© Sputnik / Азамат Тотубаев
Марат Жантелиев: 20 жылдан бери Эмгек сиңирген артист наамына документ тапшырып, өтпөй келем

Кийин бул адамдар менен театрда чогуу эмгектенип калдык. Тамашалап "менин артист болуп калышыма силер күнөөлүүсүңөр" деп койчумун. Ошентип мектепти бүтөөрүм менен эле бүткүл союздук кинематографисттер институтуна өтүп кеттим. Алар Фрунзеге келип экзамен алышты. 200дөй баланын ичинен 15ибизди тандашты. Келген экзаменаторлорубуздун ичинде Ардов деген белгилүү режиссер бар экен, кийин бизге сабак берип калды. Мен "отличникмин", "комсомолмун" деп кыйын болуп атам да, манчыркап. Ал киши болсо тентек, жаман окуган окуучу болгон экен. Мен аны кайдан билем. Адегенде эле агайыма жакпай калдым. Анан мага кезек келгенде "ии, кана отличник, келчи көрөлү, эмне өнөрүң бар?" деди. Мен Чыңгыз Айтматовдун "Жамиля" повестинин негизинде тартылган тасмадагы Данияр, Жамиля, Сейит болуп арабада баратып ырдаган эпизод бар эмеспи, ошондогу Даниярдын образында ырдап бердим. Бул Ардовго абдан жагып калыптыр. Кийин "билесиңби, Маратик, мен сени өттү деген окуучулардын сап башына чоң тамгалар менен жазгам" деп калаар эле.

— Ата-энеңиз артист болушуңузга каршы болушкан жокпу?

— Мектепте жүрүп эле актердук билим алам дегенимде каршы чыгышты. Ага карабай ВГИКке өтүп кеттим. Өтүп алып, анан айттым. Мейли деп баталарын берип, беш жыл бою каржылап окутушту. Окууну бүтүп келээрим менен Төлөмүш Океевдин "Кожожаш" тасмасында Саяк деген баланын ролуна тартылып калдым. Андан соң биринин артынан бири фильмдерге чакырып жатышты. Ал кезде тасмалар көп тартылчу. Жетишпей калчубуз. Баткенде бир фильмге тартылып жатып, Караколго учак менен барып башка кинодо роль жаратып келген учурлар болгон. Бул 80-жылдар эле.

Актер театра и кино Марат Жантелиев во время интервью корреспонденту Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Азамат Тотубаев
Актер: Саякбай атабыздын кичүү кызы “тасманы көрүп отуруп атамдын жытын сезип жаттым” деди

Көп өтпөй заман өзгөрдү. Кыргызфильм ишсиз калды, тасмалар тартылбай, актерлер бош жүрүп калдык. Базар экономикасы башталды. Эл катары мен да соодага чыктым. Жубайым экөөбүз бирөөдөн спорттук кийимдерди алып, ЦУМдун алдына жайып алып сата баштадык. Мен ары-бери басып ошол жерде жүрөм, келинчегим сатуучу болуп турат, бирок экөөбүз тең соодага жок экенбиз, күнү бою туруп бирди да сатпай кеткен учурлар көп эле болду. Болбойт экен деп аны таштап, "Ош" базарды аралап жарма сатып жүрдүк. Үйдөн жасап, бидондорго куюп алып троллейбус менен ташычубуз. Базарда соода кылып отургандарды аралап "жарма, жарма" деп кыйкырып сатабыз. Бул да колубуздан келбеди. Аялым жасагандан, мен саткандан тажадым. Бала-чака багыш керек эле, иштебесем болбойт же башка жумуш жок. Ошентип жүрүп анан 1992-жылы азыркы эмгектенип жаткан Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрына кирдим. Ал кездеги айлыгым 300-400 рубль боло турган, сомго которгондо 30-35 сом болуп калып эч нерсеге жеткире албай эле кыйналып отурчубуз. Эми заманыбыз андагыдан бир топ жакшы, бирок маданиятыбыз ошол абалда калгандай. Маданиятка ушул күнгө чейин мамлекет такыр эле көңүл бурбай койду.

— Демек театрда эле 26 жылдан бери эмгектенип келе жатыптырсыз да. Учурдагы айлык маянаңыз канча?

— Мен театрда алдыңкы айлык алгандардын катарына кирем. Маянам — 6000 сом.

— Кошумча кирешеңиз барбы?

— Кошумча киреше тапкан бизнесим деле жок. Анча-мынча тартылган роликтерден же кинолордон алган гонорарларымды кошумча каражат деп эсептесек болот го, ээ? Театралдык окуу жайларына барып калганда артистикке окуп жаткан жаштарды көрүп кээде ушундай ой келет да. Эмнесине кызыгып булар актер, актриса болгусу келет? Кайра жообун өзүм берем, булар да мага окшогон өз кесибинин фанаттары да. Бир чети билим алып, анан артист болууга умтулуп жаткандарына кубанасың. Анткени учурда билимдүү артист болууга эмес, эптеп эле эл көзүнө көрүнүп, таанылып алууга куштар болгондор көп.

Актриса и юмористка Айнура Тургунбаева с юморисом бопуш
© Фото / предоставлено Айнурой Тургунбаевой
Театр жана кино актеру: базарда соода кылып отургандарды аралап жарма сатып журдум

— Сиз өзүңүздү кандай артистмин деп эсептейсиз? Кайсы жанрды аткаруу өзүңүзгө жагат же театр менен кинонун кайсынысы сизге жакын?

— Артист бардык жанрды ойной билүүсү керек деп эсептейм. Биз окуп жүргөндө "трагедияны бардык адам ойной алат, элди ыйлатуу оңой, ал эми комедияны жаратуу кыйын" дешчү мугалимдерибиз. Жогоруда айткандай каражаттан кыйналып, жалгыз театрдын айлыгы менен жашап жүргөн жылдары элди аралап Айнура (Тургунбаева — ред.) экөөбүз Сакиш жана Бопуш деген каармандарды аткарып концерт коюп жүрдүк. Жашырганда эмне, бизге акча керек эле, жан багыш керек болчу, эл болсо башка жанрларга кызыкпайт экен. Ошондуктан биз куудул болуп, сатира жанрына ыктадык. Ал эми театр менен кинону ала турган болсом, мен үчүн экөөнүн өз-өзүнчө орду, даамы, түйшүгү, ырахаты бар. Биринен экинчисин жогору коюп салыштыра албайм. Экөөндө тең жан дилиң менен ойноо керек. Окуяга сүңгүп кирип, аны элестетип, айланамды унутуп калмайын роль жарата албайм.

— Акыркы жолу Эрнест Абдыжапаровдун "Саякбай" тасмасындагы Саякбайдын ролун аткардыңыз. Ал тургай бул образды жаратуу үчүн атайын салмак кошкон экенсиз…

— Ооба, Саякбай атанын образын берүү үчүн 20 килограмм коштум. Атайын салмак кошоюн деп камыр тамактарды жеп, аз кыймылдап жүрдүм. 90 килограммга жеткенимде буттарым салмагымды көтөрө албай, тизем ооруй турган болуп калды. Фильм жалпысынан жеңил тартылды. 31 күн дегенде тартып бүттүк, аба ырайы да ойдогудай болуп берди. Менин таң калганым — кайсы эпизод болбосун график боюнча тартылып жатты. Роль жаратууда эч кандай кыйынчылыкка туш болгон жокмун. Тасмага тандоо турунан өтүп, тартылууга даярданып жүргөнүмдө мистикалык бир окуя болду. Куландан соо жүрүп эле бир күнү бутум кыймылдабай калды. Белимден ылдый эч нерсени сезбей, жансыз болуп калыптырмын ойгонсом. Чочуп эле керебеттен жерге кулап түштүм. Бир жума жаттым. Бул эмне болгон дарт эми деп келинчегим да санааркап, түрдүү майларды сүйкөп дарылап жүрдү. Толук 7 күн өтүп кайрадан сопсоо болуп калдым, жанагы оорунун бири жок. Тасманы тартып баштаганыбызда режиссерубуз ушундай ооруга чалдыкты. Ал да мендей болуп таң эрте буттары кыймылдабай калганын көрүп, жаткан жеринен кулап түшүптүр. Ошого карабай таякка таянып туруп, атка мингизип коюшса ат менен жүрүп, кинону тарта баштадык. Бир жумадан соң ал да куландан соо айыгып кетти.

Актер Марат Жантелиев в роли манасчи Саякбая Каралаева в фильме режиссера Эрнеста Абыджапарова Саякбай
© Фото / Заир Исаков
Марат Жантелиев: мен үчүн театр менен кино бирдей. Экөөндө тең окуяга сүңгүп кирип, аны элестетип, айланамды унутуп ойномоюн роль жарата албайм

— Бул тасмада чынында Саякбай Каралаевге абдан окшошуп калгансыз. Анын кыймыл-аракетин туурап атайын даярдандыңызбы же?..

— Жок. Каарманды кайталап такыр даярданбаптырбыз. Кийин аябай окшошуп калыптырсың дегендерди угуп, эмнеге режиссер экөөбүз анын кыймыл-аракетин туурап даярданган жокпуз деп ойлондум. Астана шаарында тасманы көрүүгө Мухтар Ауэзовдун уулу Мурат Ауэзов келди. Фильм бүткөн соң ал "ушунчалык да окшош киши болобу" деп атайын мени менен таанышайын дептир. Көрүп алып "өзүң да чынында окшош турбайсыңбы, мен атамды ээрчип Көлгө көп баргам, Саякбай аванын кымызын далай ичкем" деп аябай таң калды. Ал эми Саякбай атабыздын кичүү кызы "тасманы көрүп отуруп атамдын жытын сезип жаттым" деди. Мына ушундай сөздөрдөн кийин чынында эле ролду жакшы ачкан турбаймынбы деп кубанып калдым.

— Тасманы өлкө башчысы да атайын барып көргөнүн билебиз. Ал кишиден кандайдыр бир коментарий болдубу?

— Президент келип тасманы көрөт деп бизди залга киргизишти. Сооронбай Шарипович келээри менен кино башталды, аяктаары менен ал залдан чыгып кетти. Биз менен баарлашкан жок, бирок кийин "бул тасманы жакшы деп угуп атайын көрөйүн деп келдим. Азаматсыңар, чынында жакшы фильм болуптур" деп жалпысынан мактап кеткенин айтышты.

Съемки фильма Саякбай режиссера Эрнеста Абдыжапарова
© Фото / Фонд Саякбай манасчи / Кантаим Айтматова
Актер Марат Жантелиев: "Саякбай" тасмасына тартылаарда үч жолу тең көркөм кеңеш Саякбайдын ролуна мени жарабайт дешкен. Режиссер болбой мени тандап туруп алды

— Театрда 20 жылдан ашык эмгектениптирсиз, 30дан ашуун фильмдерде роль жаратыптырсыз. Кандай сыйлыктарга татыдыңыз?

— Жеке чыгармачылык топтор тарабынан же өзүбүздүн театр тарабынан ар кандай номинацияларга ээ болуп жүрөм, ал эми мамлекет эч кандай деле сыйлык ыйгара элек. "Эл татыган сыйлыкка сиз эмнеге татыктуу эмес экенсиз?" деп театр жамааты мындан 20 жыл мурда эле КРдин Эмгек сиңирген артисттигине көрсөтүшкөн, ошондон бери жылда эле көрсөтүп келишет. Ортодо беш жыл мораторий киргизилип калды, андан кийин деле жылда документ даярдатышат, жылда документ тапшырам, бирок өтпөй калат. Айтор, мамлекеттик сыйлык алам деп үмүттөнбөй деле калдым.

— Маданият өкүлдөрү, спортчулар мына ушундай мамиледен улам чет элге чыгып кетишет да, сизде андай ойлор болгон жок беле?

— Окууну жаңы бүтүп жаткан жылы Москвада иштөө сунушталды. Кааласаң аспирантурада окуп, окууңду улант дешкен, бирок мен кыргыз киносунда роль жаратууга суусап турган кезим эле, дипломду кучактап келе бергем. Ал үчүн өкүнбөйм деле. Сыртка чыгып кетүүнү ошол 90-жылдары да ойлонбоптурмун. Мен өз кесибимдин, өз мекенимдин фанаты болуп төрөлсөм керек. Ичээр суум түгөнүп, өмүрүм аяктаса да мекеним менен кесибимдин фанаты бойдон кете берем го…

Тема боюнча

Президент Жээнбеков бүгүн кинотеатрга барып, "Саякбай" тасмасын көрдү
Белгилер:
театр, кино, "Саякбай" тасмасы, Марат Жантелиев, Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ