Бишкектеги клиника 300 миң долларлык рентген-аппаратка муктаж

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүИнституте диабета ФГБУ "НМИЦ эндокринологии"
Институте диабета ФГБУ НМИЦ эндокринологии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ооруканадагы пайдаланылып келген аппарат 35 жыл мурда орнотулган. Ушу тапта бул үлгү өндүрүштө жок.

БИШКЕК, 17-май. — Sputnik. Борбор калаадагы Эне-баланы коргоо улуттук борборундагы рентген-аппарат бир жарым жумадан бери иштебей турганын мекеменин директору Камчыбек Узакбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине тастыктады.

Анын айтымында, 35 жылдан бери иштеп келген аппараттын үлгүсү ушу тапта өндүрүштө жок.

"Москвага сурам жөнөттүк. Бузулган тетиктерди алмаштырууга мүмкүнчүлүк жок экен. Аппараттын ремонту тууралуу да эч нерсе дей албай турабыз. Мунун кесепетинен диагноз коюу татаалдашты. Биздин имарат шаардын чок ортосунда, эми бейтап балдарды "Жал" кичирайонундагы башка корпуска жиберүүгө аргасыз болуудабыз", — деди дарыгер.

Ал жаңы рентген-аппарат алуу боюнча Саламаттык сактоо министрлигине сурам жөнөтүлгөнүн белгиледи.

"Азырынча жооп жок. Каражат изделип жатса керек. Жаңы жабдуу 300 миң доллардын тегерегинде болушу мүмкүн", — деди Узакбаев.

Ал эми аталган министрликтин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова жаңы рентген-аппарат сатып алуу үстүбүздөгү жылдын планына киргенин билдирди. Бирок анын айтымында, бул боюнча азырынча комиссиянын жыйыны да өтө элек, тендер да жарыялана элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0