12:55 22 Тогуздун айы 2018
Түз эфир
  • USD69.3251
  • EUR79.3703
  • RUB1.0533
Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Иса Өмүркуловдун архивдик сүрөтү

Иса Өмүркулов: энергетика тармагында принципиалдуу адис калбай калды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
143 0 0

Депутат энергетика тармагындагы кызматтар тендер аркылуу гана дайындалып калганына токтолду.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Иса Өмүркулов өлкөнүн энергетика тармагында принципиалдуу адис калбай калганын айтты.

Ошондой эле бул тармактагы кызматты ээлеш үчүн тендер жарыяланып келгенине токтолду.

"Кызматтарды ээлеш үчүн тендер гана жарыяланып келген. Тендерге катышкан бир да жетекчи таза иштебейт", — деди ал.

Өмүркулов ошондой эле ТЭЦтин айланасында болгон окуяларды иликтеген депутаттык комиссиянын ишине бир топ тоскоолдуктар болгонун да белгиледи.

"Комиссиянын ишине көп тоскоолдуктар болду. Көп учурда керектүү материалдарды ала алышкан жок. Ошол кыйынчылыкарга карабай өз жыйынтыгын алдыбызга сунуштап жатат", — деди ал.

Депутат, андан сырткары, учурунда "Кыргызэнергохлдинг" деген компания болгонун, ал дайыма кирешелүү мекеме болгонун белгилеп, кийин бөлүнүп-жарылып калганына токтолду.

"Кыргызэнергохлдинг" рентабелдүү, кирешелүү жакшы ишкана болгон. Мына ошону бөлүп-жарып, андан бөлүнүп чыккан компаниялар чыгымга гана учурап келе жатат. Аягы эмне болгонун ТЭЦтеги авария көрсөттү", — деди эл өкүлү.

Өмүркулов өз сөзүндө ТЭЦти модернизациялоодо каражаттын туура эмес пайдаланылышы Кумтөрдөн кийин эле мамлекетке зыян алып келген долбоорлордун бири болгонун белгиледи. Андан сырткары, ТВЕА компаниясынын башкы бухгалтери ири аткаминердин биринин компаниясынын башкы бухгалтери деген да маалыматтар тараганын кошумчалап, "бул эмне болгон нерсе, өзүнүн компаниясындай эле каалагандай колдонгон экен да" деди ал.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеште Бишкек ТЭЦтиндеги аварияны жана модернизациялоого кеткен каражаттын сарпталышын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун кароо уланып жатат.

Тема боюнча

Парламентте ТЭЦке жагылып жаткан көмүрдүн чоо-жайы талашка түштү
Асылбек Жээнбеков мурдагы премьерлер Сатыбалдиев менен Исаковго кайрылды
Белгилер:
ТЭЦ, Жогорку Кеңеш, Бишкек, Советтик Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ