14:18 24 Бугу 2018
Түз эфир
Нарын обулусунун Ак-Талаа районундагы Ак-Талчат көпүрөсү аркылуу жөө адамдардын өтүүсүнө жол ачылды

Ак-Талаада ара жолдо калган көпүрө оңдолуп, эл жөө өтө баштады

© Фото / пресс-служба Министерства транспорта и дорог
Коом
Кыскача шилтеме алуу
181 0 0

Бүтпөгөн көпүрөнүн кесепетинен 13-майда төрт айылдын эли райондун борбору менен байланыша албай калган.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Нарын обулусунун Ак-Талаа районундагы Ак-Талчат көпүрөсү аркылуу жөө адамдардын өтүүсүнө жол ачылды. Бул туурасында Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

  • Нарын обулусунун Ак-Талаа районундагы Ак-Талчат көпүрөсү аркылуу жөө адамдардын өтүүсүнө жол ачылды
    Нарын обулусунун Ак-Талаа районундагы Ак-Талчат көпүрөсү аркылуу жөө адамдардын өтүүсүнө жол ачылды
    © Фото / пресс-служба Министерства транспорта и дорог
  • Билдирүүгө ылайык, кечээ, 16-майда, министр Жамшитбек Калилов аталган аймакка барып жергиликтүү тургундарга жолугуп, көпүрөнүн курулуш иштерин көргөн
    Билдирүүгө ылайык, кечээ, 16-майда, министр Жамшитбек Калилов аталган аймакка барып жергиликтүү тургундарга жолугуп, көпүрөнүн курулуш иштерин көргөн
    © Фото / пресс-служба Министерства транспорта и дорог
  • Былтыр, май айында узундугу 141,2 метр, туурасы 5 метр болгон көпүрөнүн ортоңку тирөөчү чөгүп, авариялык абалга кептелген.
    Былтыр, май айында узундугу 141,2 метр, туурасы 5 метр болгон көпүрөнүн ортоңку тирөөчү чөгүп, авариялык абалга кептелген.
    © Фото / пресс-служба Министерства транспорта и дорог
1 / 3
© Фото / пресс-служба Министерства транспорта и дорог
Нарын обулусунун Ак-Талаа районундагы Ак-Талчат көпүрөсү аркылуу жөө адамдардын өтүүсүнө жол ачылды

Билдирүүгө ылайык, кечээ, 16-майда, министр Жамшитбек Калилов аталган аймакка барып жергиликтүү тургундарга жолугуп, көпүрөнүн курулуш иштерин көргөн.

"Көпүрөнүн курулуп бүтө элек 15 метр жерине бетон блоктор коюлуп, жөө адамдардын өтүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Учурда курулуш иштери жүрүп жатат, 15-июнга чейин толугу менен бүткөрүлүп пайдаланууга берилет", — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 13-майда Нарын дарыясынын деңгээли көтөрүлүп Ак-Талчат — Казарман унаа жолундагы урап калган көпүрөнүн курулуш иштери бүтпөгөндүктөн төрт айылдын эле райондун борбору менен байланыша албай калган.

Былтыр, май айында узундугу 141,2 метр, туурасы 5 метр болгон көпүрөнүн ортоңку тирөөчү чөгүп, авариялык абалга кептелген. Мындан улам көпүрөнүн 44,3 метр жери оңдоого муктаж эле.

Тема боюнча

Ак-Талаада ара жолдо калгандар Нарын дарыясынан аркан менен өтүүдө. Видео
Ак-Талаада көпүрө урап, балдарын көтөргөн эл Нарын дарыясын кечип өтүүдө. Видео
Белгилер:
көпүрө, Жамшитбек Калилов, Ак-Талаа району
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ