21:36 19 Баш оона 2018
Түз эфир
  • USD69.4557
  • EUR79.1552
  • RUB1.0386
Кыргызстандын желеги. Архив

Ош: тууну таштанды үчүн колдонгон музей кызматкерине соттун өкүмү чыкты

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
103110

Сот аталган кызматкерди 10 миң сом өлчөмүндө айып төлөөгө милдеттендирди.

ОШ, 15-май, — Sputnik. Ош шаардык соту Кыргызстандын желегин курулуш таштандыларын чогултуу үчүн пайдаланган "Сулайман-Тоо" тарыхый-археологиялык музей комплексинин кызматкерине карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу облустук соттун маалымат катчысы Бекзат Осмонкулов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

  • Ош шаардык соту Кыргызстандын желегин курулуш таштандыларын чогултуу үчүн пайдаланган Сулайман-Тоо тарыхый-археологиялык музей комплексинин кызматкерине карата өкүм чыгарды
    Ош шаардык соту Кыргызстандын желегин курулуш таштандыларын чогултуу үчүн пайдаланган "Сулайман-Тоо" тарыхый-археологиялык музей комплексинин кызматкерине карата өкүм чыгарды
    © Фото / Аширалы Маразыков
  • Сот чечимине ылайык, музейдин М.М. аттуу кызматкери Кылмыш жаза кодексинин 352-беренесинин 1-бөлүмү менен күнөөлүү деп табылган.
    Сот чечимине ылайык, музейдин М.М. аттуу кызматкери Кылмыш жаза кодексинин 352-беренесинин 1-бөлүмү менен күнөөлүү деп табылган.
    © Фото / Аширалы Маразыков
1 / 2
© Фото / Аширалы Маразыков
Ош шаардык соту Кыргызстандын желегин курулуш таштандыларын чогултуу үчүн пайдаланган "Сулайман-Тоо" тарыхый-археологиялык музей комплексинин кызматкерине карата өкүм чыгарды

Сот чечимине ылайык, музейдин М.М. аттуу кызматкери Кылмыш жаза кодексинин 352-беренесинин 1-бөлүмү менен күнөөлүү деп табылган. Бул берененин негизинде кызматкер 10 миң сом өлчөмүндө айып пул төлөөгө милдеттендирди.

Эске салсак, 2017-жылдын 25-сентябрында "Сулайман-Тоо" тарыхый-археологиялык музей комплексиндеги 117-119-бөлмөлөрдө оңдоо иштери жүргүзүлгөн. Менеджмент жана маркетинг бөлүмүнүн ошол кездеги башчысы болуп эмгектенген Кара-Суу районунун 72 жаштагы мамлекеттик тууну музейдин ичиндеги кампада турган жеринен алып чыгып, курулуш таштандыларын чогултуу үчүн пайдаланган.

Тема боюнча

Таштандыда калган мамлекеттик туу. "Сулайман-Тоо" музейинин башчысы үн катты
"Сулайман-Тоо" музейинде жерге төшөлгөн туу боюнча иш сотко өттү
Белгилер:
айып пул, өкүм, музей, желек
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ