Парламентте ТЭЦке жагылып жаткан көмүрдүн чоо-жайы талашка түштү

© Sputnik / Сергей Аверин / Медиабанкка өтүүТаш көмүр. Архив
Таш көмүр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү өкмөт жыйынында жергиликтүү көмүрдөн баш тартуу тууралуу ойлор айтылганын билдирди.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин жыйынында "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев учурда Бишкек ТЭЦтинде кайсы жактан алып келинген көмүр жагылып жатканына кызыкты.

"ТЭЦ модернизацияланып жатканда жергиликтүү көмүр жагылат деп айтылган. Бирок кечээ өкмөттүн отурумунда жергиликтүү көмүрдү иштетпейбиз деген ойду айтышты", — деди депутат.

Өз кезегинде мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев ТЭЦти модернизациялоодо негизги басым жергиликтүү көмүрдүн жагылышына негизделгенин белгиледи.

Бишкек ТЭЦи. Архив - Sputnik Кыргызстан
УКМК: ТЭЦтеги авария саботаждан улам болгон деген версия териштирилип жатат
"Эмне үчүн азыр жергиликтүү көмүр колдонулбай жатканы мен үчүн табышмак, муну изилдеш керек. Негизи көмүрдү Кара-Кечеден Балыкчыга чейин машина менен, андан кийин Бишкекке дейре темир жол менен алып келүү каралган. Ошондо башка жактан алып келинген көмүргө альтернатива болмок", — деди ал.

"Электр станциялары" ААКтын өкүлү "жергиликтүү көмүр колдонулбай жатат" деген маалыматтар чындыкка туура келбей турганын белгиледи.

"Быйыл ТЭЦке 550 миң тонна жергиликтүү көмүр алынат, бул былтыркыга салыштырмалуу 50 миң тоннага көп. Жылдан жылга жергиликтүү көмүрдү колдонуу көлөмү өсүүдө. Биз дагы ошого барабыз. Учурда эски ТЭЦтеги 3-4 казан меш Казакстандан алып келинген көмүр менен иштеп жатат, калган казан мештердин барында Кыргызстандын көмүрү жагылууда", — деди ААКтын өкүлү.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеште Бишкек ТЭЦтиндеги аварияны жана модернизациялоого кеткен каражаттын сарпталышын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун кароо уланып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0