УКМК: ТЭЦтеги авария саботаждан улам болгон деген версия териштирилип жатат

Жазылуу
Эл өкүлү ТЭЦтеги авария мекеменин жамааты тарабынан болгон саботаждан улам болду деген маалыматтар тараганын билдирди.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Депутат Алмазбек Баатырбеков ТЭЦтеги авария мекеменин жамааты тарабынан атайын жасалган саботаж деген да версия бар экенин айтып, бул боюнча депутаттык комиссия менен укук коргоо органдары териштирүү жүргүзүп жаткан-жатпаганын сурады.

"ТЭЦтеги кадр саясатына жана ошол кездеги коррупциялык элементтерден улам мекеменин жамааты атайын саботаж кылган деген да маалыматтар чыгып кеткен. Ушул нерсени карадыңарбы?" — деди эл өкүлү.

КСДП фракциясынан депутат Асылбек Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Асылбек Жээнбеков мурдагы премьерлер Сатыбалдиев менен Исаковго кайрылды
Атайын депутаттык комиссиянын башчысы Улан Примов бул боюнча укук коргоо органдары өз баасын берерин билдирди.

Ал эми УКМКнын Тергөө башкармалыгынын өкүлү андай фактылар аныкталбаганын маалымдады.

"Андай фактылар аныктала элек. Тергөө дагы деле жүрүп жатат. Бул маселеге аягында да укуктук баа берилет", — деди УКМК өкүлү.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеште Бишкек ТЭЦтиндеги аварияны жана модернизациялоого кеткен каражаттын сарпталышын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун кароо уланып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0