Максат ажы Токтомушев: Орозо канчалык кыйын болсо, сообу ошончолук көп болот

© Sputnik / Табылды КадырбековМуфтий Максатбек ажы Токтомушев. Архив
Муфтий Максатбек ажы Токтомушев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Муфтий орозо — ыймандын бекемделишине жогорку деңгээлде салымын кошорун белгиледи.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Муфтий Максатбек ажы Токтомушев жалпы кыргызстандыктарды Рамазан айынын кирип келүүсү менен куттуктады.

Дин аалымы куттуктоо сөзүндө орозо — ыймандын бекемделишине жогорку деңгээлде салымын кошорун белгилеген. Ошондой эле бул айда мусулман баласы күнөөлөрдөн тазалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, жасалган жакшылыктардын сообу ашыгы менен берилерин айтып өттү.

"Улуу Рамазан айы — Алла Тааланын пенделерине берген сыноосу. Кээде кышында, кээде ушундай ысык жайкы күнгө туура келип калат. Бирок орозо канчалык кыйынчылык менен болсо, ошончолук сообу, берекеси көп болот. Орозо жашоодо зарыл делген сабырдуу, эрктүү болууну жана напсилик арзуулардан оолактоону үйрөтүү менен бирге адеп-ахлагыбызды көркүнө чыгарат. Андыктан күнөөлөрдөн арылуу үчүн чын ыкластан ибадат кылып, колунда жок боордошторубузга жардамыбызды аябашыбыз керек", — деди Токтомушев.

Соңунда ал Жараткандан ар бир адамдын билип-билбей кетирген кемчилдиктерин кечирип, туткан орозолорун кабыл кылуусун тилеп, мекенибизге ынтымак, тынчтык, ар бир үй-бүлөдө сүйүнүч, бактылуулук өкүм сүрүшүн каалаган.

Быйыл орозо 17-майда башталды. Sputnik Кыргызстан агенттиги ооз ачуу жана ооз бекитүүнүн календарын жарыялаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0