Икрамжан Илмиянов кайсы өлкөгө кеткени белгилүү болду

Жазылуу
Акыркы күндөрү социалдык тармактарда анын чет өлкөгө чыгып кеткендиги тууралуу маалыматтар тарап жаткан.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин коомдук башталыштагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов Мекке шаарына кеткендигин КСДПнын катчылыгынан тастыкташты.

Белгилей кетсек, акыркы күндөрү социалдык тармактарда анын чет өлкөгө чыгып кеткендиги тууралуу маалыматтар тарап жаткан.

"КСПДнын саясий кеңешинин мүчөсү Икрамжан Илмиянов кичи ажылыкка Мекке шаарына кетти. Ал эркин адам, каалаган учурда өлкөдөн чыгып, кайра кире алат. Кимдир бирөөлөрдөн суроосу болсо, жооп берүүгө даяр", — деп айтылат катчылыктын билдирүүсүндө.

Буга чейин экс-вице-премьер Аскарбек Шадиев жүрөгүнө операция жасатуу үчүн чет өлкөгө чыгып кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0