Бишкекте чар жайыт илинген көрнөк-жарнактарды алуу уланып жатат

© Фото / пресс-служба мэрии города БишкекРейд по демонтажу незаконной наружной рекламы
Рейд по демонтажу незаконной наружной рекламы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алынган такталарынын уруксат кагазы болгон эмес.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Борбор калаада мыйзамсыз илинген көрнөк-жарнак такталары алынып жатканын калаа мэриясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бишкектин жер иштетүү жана курулуш башкармалыгы "Тазалык" муниципиалдык ишканасы менен биргеликте уруксат кагазы жок бир нече көрнөк-жарнактарды алып салууда.

"Тазалоо иштеринин жүрүшүндө Ибраимов көчөсүнүн Киев жана Чүй менен кесилишкен жеринде эки, Байтик баатыр көчөсү менен Жибек Жолу проспектисинин кесилишинде төрт көрнөк тактасы алынды", — деп айтылат билдирүүдө.

Шаарды иреттөө жана көрктөндүрүү максатында чар жайыт илинген көрнөк-жарнактардан арылтуу иштери мындан ары да уланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0