ТЭЦ маселеси: Жантөрө Сатыбалдиев анын өкмөтү кандай иштегенин айтты

© Фото / пресс-служба ЖК / Ашыркул ОморкуловЭкс-премьер-министр Жанторо Сатыбалдиев
Экс-премьер-министр Жанторо Сатыбалдиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлдөрү Бишкек ТЭЦтиндеги аварияны жана модернизациялоого кеткен каражаттын сарпталышы боюнча депутаттык комиссиянын корутундусун карап жатат.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Бүгүн Жогорку Кеңеш ТЭЦтин айланасындагы окуяларды талкуулоону улантууда. Жыйынга мурдагы премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков келди. Ошондой эле ТЭЦти модернизациялоо башталганда тийиштүү кызматтарда иштегендер да катышууда.

Экс-премьер-министр Жанторо Сатыбалдиев - Sputnik Кыргызстан
Жантөрө Сатыбалдиев: бизди жегичтер, ичкичтер деп шылдыңдабагыла
Чакырылгандарга биринчилерден болуп депутат Сайдулла Нышанов суроо берди. Ал Жантөрө Сатыбалдиевди ТЭЦтин айланасында болгон окуялардын чыгышына бардык жоопкерчиликти өзүнө алар-албасына кызыкты.

Өз кезегинди Жантөрө Сатыбалдиев ТЭЦти модернизациялоо чоң иш экенин айтып, анын өкмөтү инвестиция тартуу боюнча ошол учурдагы бардык мыйзамдарга ылайык иш алып барганын белгиледи.

Белгилей кетсек, Бишкек ТЭЦтиндеги аварияны жана модернизациялоого кеткен каражаттын сарпталышы боюнча депутаттык комиссиянын корутундусун кароо уланып жатат.

Эске салсак, депутаттык комиссиясынын корутундусу 10-майда каралып, бирок иш күнү аяктагандыктан кийинкиге калтырылган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0