Кара күчтүн атасы. Жалындап чыгып жакаңды карматкан кыргыз балбандары

Жазылуу
Бүгүнкү күндө деле кара күчтүн аталары четтен чыгат. Алар тиши менен темирди айрып, унаа, учак сүйрөп, чыпалагы менен автобус тартып, муштуму менен таш талкалап атагы чыкты. Айрымдары эл аралык сынактарга катышып, Кыргызстан эле эмес, дүйнө элин да таң калтырган.

Мындан 130 жыл мурун жарык дүйнөгө келип атагы алыска тараган Кожомкул балбандын таш билектиги азыркыга чейин аңыз болуп айтылып келет. Ал балтыр эти толуп турганда 400 килограмм өгүздү жаракадан сууруп чыгып, атын Төө-Ашуудан көтөрүп өткөн. Ошондой эле оордугу 700 килограммга чукул ташты да көтөрүп салчу экен. Кыргыздын тарыхында кара күчү менен атагы чыккан адамдар көп.

Sputnik Кыргызстан агенттиги бүгүнкү күндүн балбандарын тизмектеди.

1. Эл арасында "Таш чабар" атка конгон Улан Чыныбаев 38 жашта. Ал муштуму менен сайдын майда таштарын бир заматта семичке чаккандай талкалап салат. Мындан сырткары, ал эриндерин эки жакка бурап, булбулча үн салып жана милициялардын ышкырыгын туурап ышкыра алат. "Таш чабар" Бишкектеги дөңгөлөк желимдөөчү жайда иштейт. Ал мындай өнөрү менен келген кардарларынын да көңүлүн алып турат экен. 

2. "Ташчайнар" каймана аты менен белгилүү Нурлан Алишеров 42 жашта. Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунда төрөлгөн. Ташчайнар тиши менен 20 унааны, 35 тонналык учакты сүйрөп, бир мүнөттө 20 мыкты сууруп жана 1,5 мүнөттө тиши менен 50 жаңгак чагып элдин оозун ачырган. Мындан сырткары, балбан өз өнөрү менен чет элдиктерди да таң калтырып келет. Россиянын атактуу "Минута славы" долбоорунун катышуучусу жана Германия, Украинадагы сынактарда байгелүү орундарга жеткен. Нурлан мырзанын бир бөйрөгү жок экенин көпчүлүгү биле бербейт.

3. "Темир киши" Азамат Бараков 28 жашта. Анын өнөрүн "Украина — менин таланттарым" аттуу сынагына катышкандан кийин элге кеңири тааныла баштады. Балбан өнөрү менен Германияга да барып кыргыздын желегин желбиретип келген. Ал тиши менен кадимки суу ташыган челекти, унаанын капотунун жана үстүндөгү люктун темирин айрып салат. Жанчылган айнектин үстүндө жатканда унаа тебелеп өтсө да эч нерсе болбойт. Ал эми сабынын жоондугу билектей болгон күрөк менен башына чапканда сап сынып кетет. Мындан сырткары, бир топ өнөрү бар.

4. "Чыпалак баатыр" Зарылбек Аликенов 32 жашта. Ал чыпалагы менен мыкты ийрейтип, 24 килограммдык гиряны 20-30 ирет көтөрөт. Бул аз десеңиз чыпалагына арканды илип алып автобус сүйрөйт. Ал Ысык-Ата районундагы Шамшы айылынын кулуну. 

5. "Мык чайнар" Сапарали Акбарали уулу 22 жашта. Мунун да башкалардан өзгөчөлөнгөн өнөрү бар. Чачына аркан байлап, оор жүк ташуучу унааны сүйрөйт. Ал эми тиши менен жоон мыкты ийип таштайт. Ошондой эле талкаланган шишенин үстүнө бети менен жатып желкесине чыккан эки адамды көтөрүп коёт

6. "Жаш балбан" Ринат Исмаилов 21 жашта. Ринат буга чейин 12 тонналык беш маршрутканы, жалпы салмагы 70 тонналык төрт жүк ташуучу унааны тиши менен сүйрөгөн. Эки жүк ташуучу унаага байланган жипти колуна илип, жылдырбай кармап тура алат. Анын мындан башка дагы өнөрлөрү бар. "Жаш балбан" Казакстан, Кытайдагы сынактарга катышып, баалуу белектерге ээ болгон.  

Кожомкул, Кожомкул дегенибиз менен ал кишинин тарых-таржымалын билгендер аз болсо керек. Алп балбан тууралуу 9 фактыны биле жүрүңүз.

Жаңылыктар түрмөгү
0