Той-ашта минтип биз деле созуп коебуз! Ырчылар кыжырды кайнатканда

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүПрезентации фильмов в рамках 92-ого Российского Международного Кинорынка в Москве
Презентации фильмов в рамках 92-ого Российского Международного Кинорынка в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Той-топур көбөйгөн сайын жаандан кийин өсүп чыккан козу карындай болуп ырчы менен тамадалар да жайнап кетти. Кийинген кийиминен чач жасалгасына чейин окшош. Кимиси ким экенин айырмалай билүү кыйын. Ырдай албагандарын айтпай эле коелу.

Sputnik бул ирет ырчылардын кыжырды кайнаткан учурун тизмектемей болду.

Үнү жоктор. Булар ырдаганда бери жактагы киши уялып кетет. Араң эле оозун кыймылдатып, бирок "ырчымын" деп көкүрөк каккан чыгармачыл адамдарыбыз аман болсун. Аларга караганда айылдагы апалар жакшыраак ырдайт. Опера ырчысы болбосо да эл алдына чыгып жаткандан кийин үн, талант деген болуш керек да. Анан ырынын мааниси жок эле "шаңкылдай" бергендер да безге тиет. Кызык, ырдын маанисин өздөрү түшүнөт болду бекен.

Свадебное торжество - Sputnik Кыргызстан
Дасторкондо бир нерсе калсын! Тойдогулар кыжырды кайнатканда
Фонограммасыз ырдай албагандар. Оозун ачса, залды жаңырткан тубаса таланттарга эч нерсе дей албайбыз. Бирок үнүн компьютер менен жасатып, сахнага фонограмма менен гана чыккан ырчы кыздар менен балдар бар. Булар чалынып жыгылып кетсе деле, микрофону оозунан алыс болсо деле заңкылдап "ырдай" беришет. Мыкты өнөрпоздун ырын алып деле уялбай-этпей эле "ырдап" коюшат.

Өзүн "жылдыз" сезгендер. Чалсаң албай, каадаланып, колу бошобой жатканын айтып, мурдун көтөргөн ырчылар жанды кашайтат. "Кечээ эле менден интервью алып койчу" деп жүргөндөр бир заматта өзгөргөндө жакаңды кармайсың. "Өтө кызыл бат оңот" деп койчу беле…

Куурчактар. Мындай ырчы кыздарда болгону келбет гана бар. Сулуу болуп, оозу кыймылдап турса эле болду. Анан да бир концертте канча ыр ырдаса, ошончо көйнөк алмаштырган ырчыларга таң каласың. Эл концертке кийимиңди же келбетиңди көргөнү эмес, музыка угуп, эс алуу үчүн келет да.

Калпычылар. Концерт берээрде көрнөк-жарнагына "шумдук шоу болот, кадыр-барктуу ырчылардын баары келет" деп элди чогултуп алат да барса баягы эле ырлары, баягы эле программа. Элди экинчи келгис кылышат.

Коендор. Шоу-бизнесте окшош ырчы балдар жайнап эле кетти. Бир дүкөндөн кийинип, бир чач тарачка барган немедей баарынын бутунан башына чейин окшош. Ооба, мода, түшүнөбүз. Бирок өзгөчөлүк деген да болуш керек го.

Жаңылыктар түрмөгү
0