14:23 24 Бугу 2018
Түз эфир
Алымбек Датканын айкели

Римге чейин барган Алымбек датка. Мамлекеттик ишмер тууралуу 11 факты

© Sputnik / Абдыкерим Муратов
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Абдыкерим Муратов
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (192)
275280

Асан бий уулу Алымбек өз кезегинде Кокон хандыгында кызмат тепкичи боюнча экинин бири даражасына жеткен. Кыргыз тарыхынын барактарында ал айрым учурда зайыбы "Алай малийкеси" Курманжан датканын далдоосунда калып да келген.

Хандыктагы кутумчулуктун айынан 62 жашында каза болгон Алымбек датканын кыргыз саясатында, дипломатиясында жана агартуу тармагында теңдешсиз салмагы болгон. Мына ушул тарыхый инсан тууралуу 11 факты назарыңыздарда.

1. Алымбектин теги. Анын атасы Асан бий, анан Шамырза, анын аталары Ажы бий, Тилеке баатыр болуп кетет. Булардын баары азыркы Фергана өрөөнүнө, Кашкарга, Бухара шаарына чейин таанымал эл башкаруучу жана ири соодагерлер болгон. Алайдан чыккан адигине уруусунун баргы уругунан. Алымбек мына ушундай тектүү үй-бүлөдө 1799-жылы туулган.

2. Билим алууну көздөп Римге чейин барган. Алымбектин атасы аны өтө жаш чагынан соода кербендерине кошуп, Кокон, Ташкент, Жаркен, Самаркан, Бухара, Кабул, Стамбул шаарларына алып барган. Алымбек жаш чагында Алайдагы үйүндө молдодо окуп, кат сабатын жоёт. Атасынан дайындоосу менен Шамырзанын Арык деген баласы 1813-жылы Алымбекти Бухарадагы Жакыпбек аталык салдырган медресеге киргизип келет. Бул жерде ал казактын Казыбек деген бегинин уулу Максүт, соодагер Эшматтын уулу Азим дегендер менен бирге жатып окуйт. Үчөө 1815-жылы Меккеге жол алган зыяратчыларга кошулуп кетет да, адегенде Стамбулга келет, ал жерде бир жылдай окуйт. Анан татар соодагери Мансурду ээрчип Италиянын Рим шаарына барат. Римде төрт ай туруп, Кара деңиз менен Севастополь аркылуу Россияга келип, андан мекенине кайтат.

3. Кокон хандыгынын парваначысы жана даткасы. Кокондун Мадали ханы атактуу Ажы бийдин тукуму болгон Алымбекти 1826-жылы – 27 жашында хан ордого алдырып, парваначы даражасын берет. "Парвана" — чырактын жарыгын айланып жүргөн түнкү көпөлөктүн аты. Ал эми парваначы хандын жанындагы киши дегенди билдирет. Ал кезде парваначы хандыктагы эң жогорку кызмат болуп, аны хан өзү гана бекиткен, ордодон атайын эсеп менен каржылап турган, ордодо жашаган, хандык кеңештин мүчөсү катары жыйындарда чечүүчү добушка ээ болгон, өзүнүн мөөрүнө ээлик кылган, ал катардагы вазирлерден эмес эле, хан менен дайым бирге жүргөн, хандыктагы хандан кийинки экинчи киши катары эсептелген. Алымбекке 32 жашында, 1831-жылы "датка" наамы берилген. "Датка" фарси тилинен которгондо "адилеттүүлүк" дегенди түшүндүрүп, ири диний ишмерге ыйгарылган, ага жыл сайын 10 миң теңге маяна же хан казынасынан 200 батман эгин алып турууга укук берилген. Бул ошол кездин чени менен алганда өтө чоң сый болгон.

4. Анжиан бектиги. Кокон ордосу 1831-жылы 32 жаштагы Алымбек парваначы-датканы Анжианга бек кылып жиберет. Ага азыркы аймактык бөлүштүрүү боюнча Өзбекстандын Анжиан, Кыргызстандын Ош, Жалал-Абад, Баткен облусу, Нарын облусунун Ак-Талаа, Жумгал, Тогуз-Торо райондорунун аймактары кирген. Анжиан Кокон ордосунун Чыгыш чеги болуп, ага караган хандыктын Кетмен-Төбө, Көк-Арт, Алай сыяктуу "чуулгандуу" жерлерин башкаруу керек эле. Хандыктын жер чегин кеңейтип, ары Нарын, Ысык-Көл, Кашкар, Сары-Кол жерлерин каратып алуу ойлору да Алымбек датканын "колу" менен ишке ашырылмак. Ошол кезде бектин Кашкар, Ош, Анжиан, Кокон, Бухара шаарларында 160тан ашык соода дүкөндөрү, бул шаарларды бириктирип мал (товар) ташып турган кербендери болгон.

Алымбек датканы образын жаратуу менен калың элге таанылган актер Азиз Мурадиллаевдин архивдик сүрөтү
© Фото / предоставлено Азизом Мурадиллаевым
5. Датканын бүлөсү. Анжиандын беги, ири мамлекеттик ишмер жана атактуу байлардын бири Алымбек 1832-жылы 21 жаштагы Курманжанды аял кылып алат. Ага чейин анын бир зайыбы болгон. Улуу аялы — байбичеден Акынбек. Курманжандан Абдылдабек, Оморбек, Мамытбек, Асанбек, Баатырбек, Камчыбек. Кичүү жубайынан Кылычбек.

6. Анжиан бектигинин ордосун Ошко көчүрүү. XIX кылымдын 40-жылдарынын башында бектиктин борбору Анжиандан Ош шаарына көчүрүлө баштайт. Ал жерде Ак-Буура дайрасынан Күн батышка карай чыга бериштеги дөңсөөгө, Сулайман-Тактын этегине, болжолу азыркы (ОшМУнун жатаканалары, "Алай" мейманканасы, Шейит-Дөбө, Тешик-Таш, филармания жайгашкан жерлерге) Ак Ордо орнотуп, боз үйлөр айылын курган. Ортодо бийик секиге Алымбек датканын 12 канат ак өргөсү тигилген. Алымбек датка, ал каза болгондон кийин чоң уулу Абдылдабек, зайыбы Курманжан датка, анын урпактары дал ошол жерден элчилерди, мамлекеттик кызматкерлерди жана букара калкын кабыл алып турган. Ош борбор болуу менен шаар аралап өткөн Ак-Буура дарыясына эки өйүздү туташтырган 9 көпүрө курулуп, соода жайлары узарып жана жакшырып, кербен сарайлар кеңейтилип, мечит, медреселер, акжуваздар, майжувар, тегирмендер, жибек, жүн, пахта, тери иштетүүчү ишканалар салынган. Алымбек датканын жана анын балдарынын убагында Ош шаарын таза суу менен камсыз кылуучу Төлөйкөн-Арык, Жоош-Арык, Жапалак-Арык, Баргы-Арык, Увам-Арык, Сабай-Арык, Анжиан-Арык, Коңурат-Арык, Кыдырша-Арык, Жаннат-Арык деген арыктар казылып, Ак-Буурадан суу чыгарылган. Жаннат-Арык азыркы Сулайман-Тактын түштүк жагында, мүрзөлөрдүн этегинен орун алган Айдың-Көл деген жасалма аузга (көлгө) куюп, ал жерде ак куулар, өрдөк-каздар каршы-терши сүзүп жүргөн. Шаар ичиндеги негизги жана шаардан Анжиан, Ноокат, Кара-Суу, Алай, Араван жакка чыгып кетчү жолдорго таш төшөлгөн, Ак-Буура дайрасынын боюна бак отургузган.

7. Ошто туруп ордону башкаруу иштери. Алымбек датка Кокон хандыгынын четки жагына — Анжиан менен Ошко кеткени менен ордо иштерине активдүү катышып турган: 1842-жылы Шералыны хан көтөрүүнүн, 1845-жылдагы Ош көтөрүлүшүнүн уюштуруучусу болгон; 1862-жылы 24-февралда Мала ханды жок кылууга катышкан; такка Шералы хандын он эки жашар жээни Шах Мурадды коюп алып, өзү бүт бийликти колго алып аталык аталган.

8. Алымбек — ири агартуучу. Алымбектин медресеси, же Ак медресе Ош шаарында 1844-жылы салына баштайт, башкы архитекторлору катары Самарканддан Камал ибн-ал Кадырулла, Кашкардан Ахматбек ибн-ал Курбани чакырылат, алардын чыгымын, үй-бүлөсүнүн каржы муктаждыгын бүт Алымбек датка өзү көтөрөт. Имарат алты жылдан соң 1850-жылы бүткөрүлгөн. Медресе Ак-Буура суусунун оӊ жээгинде, чыгыш тарабында, азыркы борбордук базарга Кара-Суу жактан келип кошулган жолдун тоомунда жайгашкан. Ал Кокон хандыгынын жана Бухара шаарындагы атактуу медреселер менен бир катарда турган. Төрт купасы, алдындагы эки бурчунда эки мунарасы болуп, алардын ар биринин бийиктиги он беш метр келген, имарат эки кабат болуп, шыптары бийик курулган, экинчи катарга айланма тепкичтер менен көтөрүлүшкөн. Окуу процессин жүргүзүлүүчү дарсканалары, намазканасы, кең жана кооз түркүктүү айбандары, чарпаялары, мударисканалары жана 28 чакан бөлмөдөн (келийе) турган жатак жайлары — үжүрөлөрү болгон. Жатак жайында бир эле мезгилде үч мударис, 80-100 талаба (окуучу) жаткан. Ал эми алдындагы кооз аузга (хауз – көлмө, бассейин) тоо дайрасынан муздак, таза суу улам кирип, жаңыртылып турган. Мударистери Мекке, Кашкар, Букара, Самарканд, Кокондон келген. Медресе башчылары (мутавалилери): Алымбек (1850-1862-жылда), андан кийин, Жаркынбай (1865-жылга чейин), андан кийин Абдылдабек, Камчыбек, Курманжан датка, Баатырбек болгон. Медресеге таандык 10 000 танап жер ("Алымбек чек" деп аталган Чын-Абад кыштагында, Папанда, Көк-Белде), 120 соода дүкөнү жана устаканасы иштечү. Медресенин мыкты бүтүрүүчүлөрү Бухара, Самаркан, Ташкент, Кокон, Тегеран, Дамаск, Багдад, Стамбул, Кашкар, Мекке, Каир сыяктуу ири шаарлардагы чоң окууларга жиберилип, ал жактагы окуусун Алымбек датка жана кийин анын балдары камсыз кылып турган.

9. Алымбектин өлүмү. 1860-жылы Кокон аскерлери падышалык Россиянын кубаттуу армиясына каршы алдыларынан тосуп чыгат. Ага жалпы Канаат шаа командалык кылат. Азыркы Алма-Атага жакынкы Узун-Агачта орус колуна туруштук бере албасын түшүнгөн Алымбек датка өзүнүн 12 миңге жеткен сарбаздарын өлүмгө салбай чегинет, алар Нарын тарапка өтөт. Ошол 1860-1861-жылдары Алымбек арка кыргыздарынын эл башылары, баатырлары Үмөталы, Байтик, Жангарач, Ажы бий, Адыл баатыр, Төрөгелди менен мамиле түзүп, арка кыргыздары менен алай жана анжиан кыргыздарын бириктирүү идеясын көтөрүшөт. Бул арада Кокон бийлиги аны өлүм жазасы тартуу өкүмүн чыгарат. Анын өлүмүнүн кандай болгону да азырга чейин табышмактуу: өзүнүн атаандашы Алымкул тарабынан 1863-жылы өлтүрүлгөн (Ч.Валиханов), 1863-жылы дарга асылган ("Туркстанские ведомости" газетасы, В.М.Плоских жана В.П.Мокрынин), 1862-жылы кутумчулар тарабынан муунтулган (А.Х.Хасанов), Алымкул аталыктык буйуртмасы менен Чотон өлтүргөн (Т.Өмүрзакова) ж.б. пикирлер айтылып келет. Ал Кокон хандыгында отуз бир жыл чечүүчү фигура болуу менен Мадали, Шералы, Мала, Шах Мурад деген төрт хан менен иштешкен.

10. Эстеликке айланган тагдыр. Алымбек датканын эстелиги Ош шаарына Чыгыш тараптан кире бериш дарбазага (Кыр-Арык), Ош шаарындагы "Алымбектин ак өргөөсү" деген аянтка жана Алай районунун Гүлчө кыштагы башталган айлампага тургузулган.

12. Көркөм образга өткөн өмүр. Алымбек датка Курманжан датка менен бирге Т.Касымбековдун "Келкел" романында, Т.Касымбеков менен К.Сактановдун пьесасында, С.Жусуевдин "Курманжан датка" деген ыр менен жазылган романында, З.Эралиевдин "Тоо ханышасы" документалдык жана С.Шернияздын "Курманжан датка" деп аталган көркөм фильминде чагылдырылган. 2016-жылдын май айында ОшМУда анын 215 жылдыгына карата "Алымбек датка жана анын доору" деген илимий-тажрыйбалык жыйын өтүп, анда окулган макалалар китеп болуп чыкты.

Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (192)

Тема боюнча

Жетим өсүп жетилген. Башкы стадионго аты берилген Дөлөн Өмүрзаков деген ким?
"Эрте келген турналар" повести тууралуу кызыктуу 7 факты
Белгилер:
Алымбек Датка, Курманжан датка, Кокон хандыгы, Алай району
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ