Кара-Жыгач паркын жарыктандырууга жана телекоммуникацияга 1,4 млн. сом кетет

Жазылуу
Парктын аймагына Wi-Fi, видеокамералар коюлмакчы.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Бишкектин Свердлов районунун администрациясы 11-май күнү Кара-Жыгач токоюндагы парктын жарыктандыруу жана телекоммуникация (Wi-Fi, акустика, видеокамера) системасын алмаштырып модернизациялоо боюнча тендер жарыялады. Тийиштүү маалымат Мамлекеттик сатып алуулардын расмий порталында айтылды.

Тендерге катышуу үчүн берилген арыздарды кабыл алуу 4-июнда аяктайт. Акимиат буга 1 миллион 400 миң сом коротууга даяр.

Ремонт дороги на участке проспекта Жибек Жолу - Sputnik Кыргызстан
Жибек Жолу проспектиси ремонттон кийин ачылды. Сүрөттөр
Кара-Жыгач паркын реконструкциялоо иштери былтыркы жылдын күз айларында башталган. Сентябрда 21 миллион 200 миң сомго тендер жарыяланган. Бул суммага аллеяларга, тротуар жана унаа токтотуучу жайга асфальт төшөлүп, ирригациялык система жакшыртылып, жарыктандыруу жана телекоммуникация системасы молернизияланмак.

Мындан тышкары, долбоордун алкагында парктын жалпы аймагын кесип өткөн түштүктөн түндүк тарапты карай өтчү башкы аллея түшмөк. Ага катар Пионер жана Комсомол көлдөрүнүн жээгинде эс алуу зонасы уюштурулмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0