Муфтият битир-садаганын өлчөмүн бекитти

© Sputnik / Табылды КадырбековБитир-садага берип жаткан адамдар. Архив
Битир-садага берип жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Битир-садага буудай, мейиз, арпа, курма жана аталган азыктардын баасы менен өлчөнгөн.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Орозо айында бериле турган битир-садаганын өлчөмү бекитилди. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Намаз окуп жаткан мусулман. Архив - Sputnik Кыргызстан
Орозо кармагандарга тиешелүү 9 "болбойт"
Рамазан айында берилүүчү битир быйыл 1 адамга 1 килограмм 600 грамм буудайдын наркына барабар болот. Натыйжада базар баасы менен алганда садага ар бир адамга 30 сомдон эсептелди.

Ошондой эле битир-садага буудайдан башка ун (1 кг 600 грамм), мейиз (1 кг 600 грамм), арпа (3 кг 200 грамм), курма (3 кг 200 грамм) менен да өлчөнөт. Алсак, мейиздин көрсөтүлгөн өлчөмү — 384 сом, ундуку — 35, арпаныкы — 48 сом болсо, курманын битирге тиешелүү баасы 480 сом деп эсептелген.

"Мусулмандар жогоруда көрсөтүлгөн сумманын каалаганын тандаса болот. Бирок муктаждарга көбүрөөк жардам берүү үчүн эң жогорку баа менен битир берүү сунушталат", — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, былтыр орозо айында өлкө боюнча 33 миллион 668 миң 886 сом битир-садага чогултулган. Ал каражаттар кайрымдуулук иштерине жумшалат.

Быйыл орозо 17-майда башталат. 2018-жылдын орозо айынын календарын Sputnik Кыргызстан сайтынан караңыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0