Күйөөм эмес, WhatsApp менен жазышкан жигит жакын сезилет. Келиндин жан сыры

© AFP / NICOLAS ASFOURI Телефон кармап турган кыз. Архив
Телефон кармап турган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында күйөөсүнө бой салбай, башка адам менен телефон аркылуу сүйлөшүп жүргөн келиндин эки ортодо калган окуясы баяндалат.

Бул катты окугандан кийин менин дарегиме ар кандай терс ой-пикирлер айтылышы толук мүмкүн. Бирок ичимдеги букту эч кимге айта албагандыктан сиздерге кайрылып отурам.

Аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Уул-келиним менен чогуу тургум келбейт, бөлүп да кое албайм. Эненин арманы
20 жашымда ата-энем кудалашып койгон жерине күйөөгө узатты. Кайын-журтум жакшы турган адамдар экен. Үйдөгүлөр менин көңүлүмдү деле караган жок, "ал жакка келин болсоң өмүр бою кор болбойсуң" деп коюшту. Өзүбүз орто жашагандыктан айла жок макул болуп тийдим. Жолдошум менден 10 жаш улуу, биринчи күндөн эле ичим жылыган жок, бой сала албай койдум. Балким кийин сүйүп кетээрмин деп жашап жүрдүм, андан бери беш жыл өттү. Ортобузда бала жок. Убакыт деле өтүп жатат, аны эзилип жакшы көрүп кеткен деле жокмун. Ал деле мага нааразы сыяктуу, аялындай мамиле кылбайт, кечинде келип уктап калат, сүйлөшүп, менин оюм менен эсептешпейт. Жакшы эле сырдашайын, эркелейин дейм, эмнегедир батынбайм, ортобузду бир нерсе бөлүп тургандай. Айтор, жаштыктын доорун сүрбөй эле жашоо өткөрүп жатабыз.

Жарым жыл мурда интернет аркылуу бир бала менен таанышып калдым. Экөөбүз бир куракта экенбиз. WhatsApp аркылуу сүйлөшүп жүрүп, эмнегедир жакын болуп кеттик. Мен күйөөмө караганда ошол жигит тууралуу көбүрөөк ойлоно баштадым. Бир күн жазбай калса сарсанаа болом, андан билдирүү күтөм. Сүйүүбү дейин десем ал баланы көрүп жолуга элекмин, бирок ал менен сүйлөшкөндө кадимкидей жеңилдеп калам. Бул кылыгымды эч ким билбейт. Жолдошумдун мени менен иши деле жок. Күйөөсү бар келиндин мындай кылганы туура эмес экенин билсем да, баары бир жүрөгүм ошону эле эңсеп туруп алчу болду. Жолдошумду ойлойм, бирок анын мага болгон кайдыгерлигин эстегенде жиним келип кетет. Бир чети бейтааныш жигит үчүн турмушумду буза албайм. Күйөөмдү да сүйбөйм. Санаам санга, оюм онго бөлүнүп аргам кетти. Кеңеш бериңиздерчи…

Кеңеш Усенов, психолог

Бул жерде келин биринчи өзүнө "мен туура жасап жатамбы, бул кылыгым туурабы?" деп суроо берип көрүшү керек. "Сүйлөшө бер" деп биз уруксат бере албайбыз, "сүйлөшпө, жолукпа" деп да тыюу салганга укугубуз жок. Болгону келин өзүнүн жүрөгүнөн да акылын биринчи кезекке койгону оң. Себеби көрбөгөн адамды сүйдүм-күйдүм деп ажырашып алып ара жолдо калбагыдай болушу керек. Аны көрбөсө кандай экенин кайдан билет. Балким, абакта отурган же телефон менен алдаган адамдардын биридир. Көрүп, жолугушуп жүрсө анда башка маселе болмок.

Свадьба Джорджа Клуни и Амалы Аламуддина - Sputnik Кыргызстан
Сүйүүмө эми жолуктум, бирок аялымды таштай албайм... Эки ортодо калган жигит
Бизге кайрылган аялдар "күйөөмдүн үйлөнөөрүбүз менен мага болгон мамилеси өзгөрүп, мурдагыдай көңүл бурбай калды" деп келишет. Себеби аялдар ар кыл сериалдарды, кинолорду көп көрө берип, жашоосун да ошол тасмадагыдай элестетип алышат. Турмушта өйдө-ылдый болот, сезимге алдырып ийгенден абайлаш керек. Негизи эрди-катын ортодогу мамиле сууй баштаганда эле чечишип алганы жакшы.

Ал эми бизге кайрылган келинге акыл менен ойлонуп, анан бир чечим кабыл алууну сунуштаар элем. Күйөөңүздү эле бир жактуу каралай бербей, балким сиз да аны өзүңүзгө тартып көрөрсүз. Сүйүү бир тараптуу эмес, эки тараптан тең болуш керек. "Бой салбайм, жакшы көрбөйм" дептирсиз, жолдошуңуз да ошол себептен сизге көңүл бурбай жаткандыр. Анын жан дүйнөсүн ачсаңыз, балким андан өткөн алтын адам жок болуп чыгаар. Бул жерде сиз да аракет кылышыңыз керек. Жашооңузду, өзүңүздү өзгөртүп көрүңүз. "Кантип?" деген суроо жаралышы ыктымал. Эркектер аялынын сырткы келбетине, өзүн алып жүргөнүнө да карайт. Өзүңүздү карап, үйдө отуруп тумчукпай жумушка чыгып көрүңүз. Айтор, жолдошуңуз эгер жакшы адам болсо, үй-бүлөнү сактап калууга аракет кылууңар керек!

Жаңылыктар түрмөгү
0