"Ак-Ордо" жаңы конушундагы мектептин курулушу аяктап калды

Жазылуу
Ушу тапта айлананы жашылдандыруу жана мектептин дарбазасын куруу иштери жүрүп жатат.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Бишкектин "Ак-Ордо" жаңы конушунда билим берүүчү мектептин курулушу экинчи кварталда аяктай турганын мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, мектеп 960 орунга ылайыкташып, 32 окуу классы каралган. Мындан тышкары, окуу жайында спорт жана жыйындар залы, лаборатория менен жайкы аянтча бар.

"Үч кабаттуу мектептин жер төлөсү да салынган. Бардык тийиштүү эмемрек жана жабдуу менен камсыздалды. Курулуш жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлүүдө. Подрядчы — "Мс Билдинг" компаниясы", — деп айтылат билдирүүдө.

Мектептин биринчи жана экинчи блогу, от жагуучу жайы, көмүр кампасы курулуп бүттү. Ушу тапта айлананы жашылдандыруу жана мектептин дарбазасын куруу иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0