Балыкчы — Чолпон-Ата — Каракол трассасы 7 саатка жабылат

© Sputnik / Табылды КадырбековДорога в Иссык-Кульской области
Дорога в Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Альтернативдүү жол катары Ысык-Көлдүн түштүгүндөгү Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол трассасы сунушталууда.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Балыкчы — Чолпон-Ата — Каракол унаа жолу 12-май күнү жети саатка жабылат. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Run the Silk Road марафонунун катышуучусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чолпон-Атада жөө күлүктөрдүн Run the Silk Road эл аралык турнири өтөт
Билдирмеде эртең мененки саат 9.00дөн 16.00гө чейин трассанын Бактуу-Долоноту айылынан Корумдуга (83-105 чакырым) чейинки бөлүгү толугу менен жабылары айтылат. Мындай чектөөлөр легендарлуу жөө күлүк Сатымкул Жуманазаровдун жаркын элесине арналган Run the Silk Road эл аралык марафонунун өтүшү менен байланыштуу. Иш-чарага ар кайсы өлкөдөн келген спортчулар катышат.

Милиция айдоочулардан алдын ала альтернативдүү маршрут тандоону же 13-май күнү жолго чыгууну суранат.

Альтернативдүү жол катары Ысык-Көлдүн түштүгүндөгү Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол трассасы сунушталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0