БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Бишкек шаарында Жеңиш майрамы белгиленгенден кийин "Ала-Тоо" аянты менен Жеңиш аянтынан 10 тонна таштанды чыгарылды. Бул тууралуу "Тазалык" ишканасынын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, таштанды тазалоого 11 даана атайын техника тартылган. Ошондой эле эки аянтта 112 даана жүктөгүч менен кызматкерлер нөөмөттө турушкан.
"Таң эртеден түңкү саат экиге чейин майрамдык иш-чаралар өткөн көчөлөр да тазаланып, иретке келтирилген", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына карата Бишкек шаарында бир катар майрамдык иш-чаралар өткөн. Анын ичинде 45 миң киши катышкан "Өлбөс полк" жөө жүрүшү өтүп, ага президент Сооронбай Жээнбеков дагы катышты. Андан сырткары, майрамдык концерт жана кечинде салют атылды.