Путин кыргызстандык ардагерлерге ыраазычылык билдирип, куттук сөзүн айтты

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүПрезидент РФ В. Путин провел заседание Совбеза РФ
Президент РФ В. Путин провел заседание Совбеза РФ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сооронбай Жээнбековго Россиянын лидеринен телеграмма келип түштү.

БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков менен жалпы кыргыз элин Жеңиш күнү менен куттуктады.

Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай Путин телеграмма жөнөткөн.

"9-май – Россиянын жана Кыргызстандын элдери үчүн ыйык майрам. Ушул күнү майданда баатырдык менен салгылашкан, оорукта каармандык менен эмгектенген, мекенибизди жана бардык адамзатты фашизмден сактап калган аталарыбызга жана чоң аталарыбызга сый-урмат көрсөтөбүз", — деп Россия башчысы билдирген.

Ал ошондой эле өлбөс жүрүш эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары да чыңдоого бекем пайдубал болуп берерин белгилеген.

Владимир Путин Кыргызстанда жашаган ардагерлерге терең ыраазычылык билдирип, аларга бекем ден соолук, бакубатчылык, бак-таалай жана узун өмүр каалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0