Сак болуңуздар! WhatsApp аркылуу "тексттик бомба" тарап жатат

© REUTERS / Dado RuvicWhatsApp тиркемесинин логотиби. Архив
WhatsApp тиркемесинин логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин WhatsApp мессенджеринин колдонуучулары телефондун иштөөсүн кыйындата турган спам-билдирүү тараганын жар салган.

БИШКЕК, 9-май — Sputnik. WhatsApp мессенджеринин колдонуучулары тиркемеде кезектеги "тексттик бомба" пайда болгонун айтып, сак болууну эскертти. Бул тууралуу "Известия" маалымат порталы кабарлады. 

Логотипы Google, Apple, Facebook и Amazon - Sputnik Кыргызстан
Google менен Facebook колдонуучуларды кантип башкарат. Адистин пикири
Бул спам-билдирүү iOS жана Android үлгүсүндөгү телефондордун иштөөсүн кыйындатышы мүмкүн.

Ага ылайык, билдирүү эки варинатта тарап жатат. Бири кара чекит түрүндө болсо, экинчиси "кененирээк" деген жазуу менен көзүнөн жаш чыкканча "каткырган" смайлик менен коштолгон.

Эгер сизге ушундай билдирүүлөр келип калса, сүйлөшүп жаткан адамыңыз менен жазышкандардын баарын өчүрүшүңүз керек.

Буга чейин да WhatsApp колдонуучулары телефондун иштөөсүн кыйындата турган спам-билдирүү тараганын жар салышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0