ИИМ: Бишкекте "Өлбөс полк" жөө жүрүшүнө 45 миң адам чыкты

Жазылуу
Жөө жүрүштү Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков баштап чыкты.

БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Бишкектеги "Өлбөс полк" жөө жүрүшүнө 45 миң адам чыкты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Ал эми Бишкек ШИИБинен кабарлашкандай, колоннанын узундугу эки чакырымга жеткен. Жөө жүрүштү Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков баштап чыкты.

Празднование 73-й годовщины Дня победы в Оше - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда Жеңиш майрамы кандай белгиленип жатат? Тексттик трансляция
Акциянын уюштуруучуларынын бири болгон Таалайбек Сагынов белгилегендей иш-чарада өзгөчө кырдаалдар болгон жок.

Улуу Жеңиштин урматына арналган акция борбор калаада ушуну менен бешинчи ирет өтүп жатат. Өткөн жылы жүрүшкө 30 миң адам келген.

Марш Жеңиш паркынан башталып, Жеңиш аянтындагы өчпөс оттон аяктады.

Кыргызстандын чар тарабында Жеңиш майрамы кандай белгиленип жатканына кызыксаңыз тексттик трансляцияга көз чаптырыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0