Мал сойбойт, атка жайдак минбейт! Аял кишиге карата 6 "болбойт"

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүПразднование Навруза в Бишкеке
Празднование Навруза в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аркырап беттен алып, эркектер менен тең тайлашып жосунсуз жорук жасаган аялдардын эл ичинде кадыры жок. Элдик түшүнүк боюнча назик, өз ордун билген, жарынын жакасын агартып, ага өйдө карап сүйлөбөгөн, ошол эле учурда андан акылы менен кеңешин аябаган аял коомчулукта сый, кадыр-баркка ээ.

Аял кандай болушу керек жана аларга кандай тыюу салынат? Sputnik Кыргызстан агенттиги окумуштуу, этнопедагог Абдыкерим Муратовго суроо салды.

Эркек адамдар бар жерде куран окубайт. Жамандыкта эгер эркек жок болуп калса гана куран окуйт. Үй-бүлө ичинде, тар чөйрө болсо да эркек адам бар жерде окубайт. Кокус үйдөгү эркек куран билбесе гана аялдын окушуна уруксат берилген.

Эркек адамдын жолун кесип өтпөйт. Бул аны сыйлабастык болуп эсептелет. Айрыкча келиндер улуу эркек адамдардын жолун кесип өткөн уят иш деп эсептелет.

Фольклорный фестиваль на пастбищах Сарала-Саз - Sputnik Кыргызстан
Карыштабайт, кытыгылабайт! Тили чыга элек балага карата 8 "болбойт"
Аял киши жайдак атка минбейт. Сөзсүз түрдө ээр токулган атка минүүсү керек. Элибиздин салттык адебине ылайык, аял кишинин жайдак атка миниши жүрүм-турум нормаларына каршы келген.

Мандаш токунуп отурбайт. Аял киши өзүн алып жүргөндү да билиш керек. Илгери жеңелери кыздарга турмушка чыкканга чейин аял киши кандай болушу керектигин бүт үйрөткөн. Анын ичинде дасторкон четинде "мандаш токунуп же талтайып отурган болбойт" деген да эреже орун алган. Мейли ал кыз болобу же улгайган аял болобу, бутун бүктөп, этегин жаап отурганы дурус.

Аял киши мал сойбойт. Аял сойгон мал арам болот деп айтылган. Малды мууздоо, союу жана этин жиликтөө милдети эркек кишиге гана таандык. Бирок аргасыз учурларда: мал катуу ооруп, бир жери сынып же чөпкө ууланып калган маалда үй ээси үйдө жок болсо, ал ишти аял аткарат. Ошентсе да толук сойбой, аны мууздап эле коюшу керек.

Жаагын таянып отурбайт. Жаак таянып отурган аял күйөөсүнөн ажырайт деген ишеним жашаган. Тизесин кучактап отуруу да жесирликтин белгиси деп эсептелген.

Жаңылыктар түрмөгү
0