Бишкекте Фрунзе көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат

Жазылуу
Ремонт иштери жолдун бир тарабында болгондуктан, экинчи тарабы унаалар үчүн жабылбайт.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Бишкектеги Фрунзе көчөсү Осмонкуловдон Сүйүмбаевге чейинки бөлүгү убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери газ түтүктөрүн алмаштыруу максатында көчөнүн аталган аймагын 10-майдан 30-майга чейин жабат", — деп айтылат маалыматта.

Жаңы газ түтүгү эски түтүктөргө жарыш орнотулат. Ремонт иштери жолдун бир тарабында болгондуктан, экинчи тарабы унаалар үчүн жабылбайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0